Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:37

Кыргызстандагы жүздөн ашуун саясий партиялардын ичинен “Эркиндик” жана “Социал-демократтар” партиялары бийликке конструктивдүү оппозициядагы партия болорун жарыя кылышты. Партия лидерлеринин айтымында, буга мамлекеттик башкаруу саясаты менен парламенттик шайлоодон кийинки кырдаал түрткү болду. Аталган партиялар бийликке конструктивдүү кандай сунуштарды бере алат?

Башында Топчубек Тургуналиев турган “Эркиндик” партиясы азыркы кыргыз бийлигине конструктивдүү оппозициядагы партия болуу чечимин өткөн жылдын 22-декабрындагы жыйынында кабыл алды. Ага чейин “Социал-демократтар” да ушундай багытта болорун аталган партиянын төрагасынын орун басары Өмүрбек Бабанов билдирген болчу.

“Эркиндик” партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиевдин айтымында, партиянын мындай багытка бет алышына мамлекетти башкаруу саясатынын ыраатсыздыгы, бийлик бутактарынын бири-бирине көз карандылыгы, мамлекеттин келечеги үчүн кам көргөн чыныгы башкаруучулардын жоктугу жана чыныгы оппозициянын калыптанбагандыгы башкы себеп болду. Ушундан улам “Эркиндик” партиясы алды менен төрт багыттан турган конструктивдүү сунушун бийликке жолдойт:

- Биринчи кезекте мамлекетти башкаруу үчүн үч улуу сапаттагы адамдарды алып керек. Алар- ыйманы таза, чыныгы профессионал, иш билги реформаторлор жана элим-журтум деген патриоттор. Мындайлар бүгүнкү бийликте жокко эсе. Экинчиси-16-декабрдагыдай ыплас шайлоо буга чейин Кыргызстанда болгон эмес. Ошондуктан, мындай шайлоону биз эч качан моюнга албайбыз. Жогорку Кеңеш жараксыз болуп калды. Ал эми сот бийлиги болсо аткаруу бийлигинен, мыйзам чыгаруу бийлигинен түздөн-түз көз каранды. Андан тышкары өлкөнүн өндүрүш тармагын тезинен кайра калыбына келтирип, миллиондогон жумушчу орундарын түзүү зарыл. Мындай кадамдарды жасоо үчүн мамлекеттик башкарууну түп-тамырынан бери оңдош керек. Ал үчүн мамлекеттик башкаруунун философиясын-Конституцияны түп-тамырынан баштап оңдоо зарыл.

Топчубек Тургуналиев анткен менен азыркы бийлик мындай сунуштарды эске алат деп ишенбейт. Буга президент менен өкмөт анын буга чейин айткан сунуш-пикирлерин, айрыкча кадр саясаты жаатындагы ойлорун эске албагандыгы башкы себеп. Ошондуктан, ал партия, коомдук уюмдардын сунушун бийлик эске албаса акыры эл чыдай албай калышы ажеп эмес:

-Бийлик аны угуп, эске алат деген ишеним жок. Бирок бийликке сунуш кылабыз. Андан кийин таянганыбыз эл болот. Бийлик эч кимдин сунушун укпаса революцияны ишке ашырган, рухунан жанбай турган элибиз көпкө чыдай албайт. Анда биз эл менен бирге болобуз дагы өкмөттү мөөнөтүнөн мурда кетирүү, Жогорку Кеңешти таркатуу талабын коебуз. ,- деп баса белгиледи.

Оппозициядагы “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Нуржамал Байболова болсо кыргыз бийлиги эч кандай конструктивдүү жа радикал оппозициянын сунуш-талаптарын эске албайт деген бекем ишенимде:

- Себеби, азыркы бийлик айтканы айткандай, дегени дегендей болот деген пикирде турат. Бийликтин кетирген эң чоң кемчилиги-оппозицияны көчөгө түртүп чыгарып, өнүккөн мамлекеттердин парламентиндегидей болуп, оппозицияны парламент ичинде талаш-тартышуудан ажыраткандыгы болду. Конструктивдүү болобу же башкача болобу, бир дагы сынды азыркы бийлик уккусу келбейт.

Ал эми президент Курманбек Бакиев 13-декабрда коомчулук менен түз эфирдеги баарлашуусунда конструктивдүү оппозициянын сунуштарын угууга даяр жана ага ыраазы болорун билдирип, мамлекеттик бийликке ээ болууну гана көксөгөн оппозицияны тааныбай тургандыгын жашырган эмес:

- Оппозиция өнүккөн мамлекеттердегидей конструктивдүү болуш керек. Ал өзүнүн көмүскө кабинетин түзүп алып, “урматтуу өкмөт мобул маселени туура эмес чечип жатасыңар, биз момундай жолду сунуш кылабыз” деген оппозицияны мен тааныйм. Ушундай оппозиция мамлекетке да, калкка да мыкты салым кошот. Андай оппозицияны колдоо гана керек. Ал эми “баарынар кеткиле, биз келебиз” деп, элди конституциялык төңкөрүшкө чакырып, бийликти тартып алууну гана каалаган оппозиция эмне деген оппозиция? Демек, мен дайыма конструктивдүү гана оппозицияны колдойм.-деген К.Бакиев.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязовдун баамында, оппозиция менен бийликтин ортосундагы түшүнүү болооруна азырынча ишеним жок. Себеби, азыр өлкөнүн өнүгүү келечеги үчүн кам көргөн чыныгы оппозиция да, бийлик өкүлдөрү да жок. Буга бийликтин бир бутагы болгон парламентте көз карандысыздык жоюлуп, жетеленме парламенттин түзүлгөндөгү башкы өбөлгө. Ошондуктан азыр ишке ашуу жолу бүдөмүк сунуштардан көрө абалды аңдап таануу жана бийликтин алын салмактоо зарыл:

- Бүгүн эмоция менен жашоого болбойт. Азыр бизге бүгүнкү акыбалдын анализи керек. Ушуну эл өзү түшүнүп, кандай бийлик менен жашап жаткандыгын такташы керек. Ошону терең түшүнсөк бир жол табылат. Бирок, азыр жалпы элдин мүдөөсүн көтөргөн, жалпы элдин ишенимине арзыган оппозиция болбой жатпайбы. Туура айткандар көп, бирок аркасында күч жок. Акыркы референдум жана шайлоодон кийин бийликке да ишеним болбой калды.
XS
SM
MD
LG