Алгачкылардан болуп “Жусупбек Бакиев” атындагы фонд менен Ош облусундагы Кытайдын “Кызыл күн” аттуу ишканасы жардам колун созду. Жусупбек Бакиев атындагы фонд 520 миң сомдук ун, күрүч, май ж.б. азык-түлүктөрдү жеткирген. Ал эми Кытайлык ишкерлер 2 тоннадан ашуун ун, 2,5 тоннадан ашык күрүч, 500 литр май жана 100 кг макарон жөнөтүштү. Чукул кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев кышкы суукта болгон зилзаладан жабыркагандарга жылуу кийим, жууркан-төшөк, чатырлар өзгөчө зарыл болуп жаткандыгын белгилеп, кечээ эл аралык уюмдарды жардам көрсөтүүсүн өтүнүп кайрылган. (ZKo)
7:30 Жер титирөөдөн жабыркагандарга коомдук уюмдардан да гуманитардык жардам көрсөтүлө баштады