Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

ГРУЗИЯ: ОППОЗИЦИЯ ШАЙЛОО ЖЫЙЫНТЫКТАРЫНА НААРАЗЫ


Бүгүн Грузияда бириккен оппозициянын атынан президенттик шайлоого аттанып, анын алгачкы жыйынтыгында жеңилүүгө дуушар болгону аныкталып калган Леван Гачечиладзенин тарапкерлери нааразычылык митингине чыгышты. Тбилисинин борбордук аянтына колдоруна ак желектерди, Л.Гачечиладзенин сүрөттөрүн кармашкан бириккен оппозициянын 10 миңдеген тарапкерлери турушат. Окуяга сереп салып турушкан маалымат агенттиктери кабарлашкандай, митингдин уюштуруучулары элге шайлоонун чыныгы жыйынтыктарын жарыялоого камынып, Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын айткандарын кабылдабоого чакырык таштап жатышат. Кечээки шайлоодон кийин БШК алгачкы жыйынтыктарды чыгарып, Михаил Саакашвили 55 пайыздан ашуун добуш топтогону, ал эми Л.Гачечиладзе болсо 23 %дан ашык добушка ээ болгону жарыяланган.

XS
SM
MD
LG