Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:18

БЕКТАШ ИЛИЯСОВ: ЗИЛЗАЛАНЫН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУДАН МУРУН, АНЫН АЛДЫН-АЛУУ КЕРЕК


Маектешкен Бекташ Шамшиев, Бишкек Кийинки жылдары Кыргызстанда жер титирөөлөр көбөйө баштады. Ош облусундагы табигый кырсыктын айынан жүздөгөн үй-бүлөлөр кыштын кыраан чилдесинде үйсүз калып, урап кетчү мектептерге бара албай балдар окуудан өксүп отурушат. Табигый кырсыктардан коргонуунун амал-айласы, жер титирөөнүн сабактары өкмөт менен коомчулук тарабынан терең талданып, жыйынтыгы чыгарыла элек. Мына ушул теманын тегерегинде “Азаттыкка” окумуштуу илимпоз Бекташ Илиясов маек куруп берди.

Бекташ мырза, кийинки кездерде мына жер титирөөлөр абдан көп болуп жатат. Ушуга токтолсоңуз.

Жер титирөө Кыргызстанда болгон жана боло берчү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анткени, биз сейсмикалык жактан активдүү аймакта жашайбыз. Акыркы эле 30 жылдын ичинде жыйырмага жакын жер титирөө болду. Ар жыл сайын бирден жер титирөө болуп турат. Жер титирөөгө алдын ала даярдануу – илимий жактан изилдөө иштерин жүргүзүш керек. Бул боюнча үч версия бар: биринчиден, сейсмикалык жактан райондоштуруу картасы. Анда эмне көргөзүлөт? Кайсы жерде кандай күчтөгү жер титирөө болот, кайсы убакытта? Бирок бул азырынча татаал иш. Кандай кылып курулуштарды куруш керек? Мына кептин бардыгы ушунда. Түштүктө жаңы жылда болгон жер титирөө кезектеги майда жер титирөө. Мисалы салыштырмалуу Жапония, Америкага караганда бул илимий изилдөөгө керек боло турган гана маалымат. Бизде курулуштардын начардыгынан ушундай кыяматка келдик. Бул үчүн эмне кылыш керек болчу? Курулуш болуп жаткан учурда, же болбосо сейсмикалык жактан райондоштук карта бар. Ошондо көрсөтүлгөн чоңдуктарды мыйзам ченемдүү негизде бузбай, ошону пайдаланып, ылайыкташтырып курганда мындай кыйроолор болбойт эле, эл кыйналбайт эле. Мен өзүм 46 жыл сейсмологияда иштедим. Ошонун ичинде толгон-токой жер титирөөлөрдүн күбөсү болдум. Ошондо ар бир эл башкарган чоңдор, урандылардын үстүндө туруп алып, “биз жардам беребиз”,-дейт. Бирок ошонун кесептин жойгонго гана көңүл бурат. Ал эми ошонун кесептин келтирбеш үчүн бул жөнүндө эч бир сөз дагы болбойт, чампалап куруп берип, башкасына көңүл бурбайт. Мына Жапонияны алалы. Бизге караганда он эсе сейсмикалык жактан активдүү район. Мындай жер титирөөлөр аларга эч билинбейт. Ал эми Оштогу жер титирөө магнитудасына салыштырганда, эгерде Рихтердин шкаласы менен караганда 4-5 балл. Союз кезинде иштелип чыккан шкала бар: 12 баллдык, ошол боюнча 6 балл деп жатат. Эми 6 баллга туруштук бере албаган курулуш – андай курулуштун кереги жок. Ошонун ичинен көпчүлүгү мектептер. Элдин көп чогулган жеринде, беш-алты мектептин талкаланып калышы бул өзү чоң окуя. Ошондуктан эл башкаруучулар, проектный институттар, Госстрой ушул жер титирөөлөрдү анализдеп, бир жыйынтыкка келип, аны азайтууга аракет кылышы керек. Болбосо, шалаакылык болуп жатат.

Өткөн жылы болгон жер титирөөдө Кочкордо көбүн эсе турак жай коомдук жайлардан дагы көбү жараксыз болуп калды. Ал эми Баткенде “сынч” деген жыгач менен бурчтарын бекемдеп салган үйлөрдүн көбү эч нерсе болгон жок. Кыргызстандын түндүк тарабына “сынч” маданияты, ошонун үлгүсү келе элек. Ошондой болсо дагы элдин бардыгы тең эле бекем материалдар менен үй курганга мүмкүнчүлүгү жок да.

Баткендеги жер титирөө менен Кочкордогу зилзаланын күчү жагынан бирдей эле. Ал эми сейсмикалык талкаланышы эки башка болду. Өзүң айтып жаткандай, Баткен жакта көп таралган жыгачтан арматура коюп, каркастардын бардыгы жыгачтан тургузулуп, ортосун колектеп тургузган үйлөрдүн сейсмикалык жактан туруктуулугу өтө күчтүү. Биздин кыргыздын боз үйүндөй. Мына ушундан эле жыйынтык чыгарса болот. Кара кирпичтен курдурулган бир катарга койбой, колдон келсе эки катар кирпич коюлуп, ортосуна ылайды тууралап, бекемдесе бул элдик антисейсмикалык болмок. Бел курчоо айнектин ылдый жагынан жалпак болот темирби, же жалпак темирден шыбак өткөрүүнүн алдында айланта курчап туруп, бекем тарттырып, анан айнектин үстүнөн дагы ошондойду бекем тарттырса, сейсмикалык жактан туруктуулугу 25-30 пайызга чейин өсөт. Бишкектин тегерегин айтып кетиш керек. Кудай өзү сактасын! Бул өтө татаал. Кыямат мындан күчтүү болот.

Дайыма эле жер титирөө абдан коркунучтуу экендиги айтылып келе жатат. Бирок мурдагыдай эле чампаланган үйлөр дагы эле курулуп жатат. Ал эми азыр Бишкектин өзүндө, башка шаарларда деле бийик кабат үйлөр салынып жатат. Алардын кандай салынып жатканына кызыккан киши жок.

Кыргыздардын келечегинде эң оор жерлер Бишкек шаарынын тегерегинде курулуп жаткан үйлөр. Ушуга мамлекет көзөмөлдү күчөтсө жакшы болмок. Анткени элди сакташ керек. Барынан кымбаты – элдин өмүрү. Шаардын ичиндеги курулуп жаткан чоң сулуу курулуштар, өңчөй 4-5 кабаттуу имараттар. Булар антисейсмиканы кантип колдонуп жатканын мен жакшы байкаган жокмун. Анан эң өкүнүчтүүсү, курулуп бүткөн мурунку бийик 5-9 кабаттуу үйлөрдүн алдында тешип эле, ар кайсы дүкөн, ресторан, оюн зоок жайларды орнотуп жатышат. Бир тешикти жасаш үчүн айнекти чоңойтуп, эшик орноткондо 10 пайызга жакын ошонун сейсмикалык жактан туруктуулугу начар жагына өзгөрөт.

Кыргызстанда кийинки кездерде сейсмология илимине көңүл бурулуп жатабы? Сиз ушул институтта көп иштеген экенсиз.

Каржыланышы жагынан азыркы ахыбалга салыштырганда туура эле десек болот. Бирок анда кадр маселеси курч турат. Мисалы, Кыргызстандагы окуу жайлардын бирөө дагы сейсмолог же туруктуу геофизиктерди даярдабайт. Азыр ушул сейсмология институтунда жана экспедициясында жер титирөөнү жазып алган жазуусун чечмелөөгө киши калбай калды десем жаңылышпайм. Жер титирөө болгон учурда эстеп, бизди алып кетип, алып келип, биздин ойлорду укчу дагы, анан кайра унутулуп калат. Өнүккөн мамлекеттерде биринчи орунда илим изилдөө алдыга коюлат. Илим изилдөө бизде унутта калды. Академиктердин айлыгы эптеп бирине-бирин жеткиргенге гана жетет. Ошондуктан менин оюмча академиянын структурасын карап чыгыш керек. Анткени, академия пенсионерлердин клубу болуп калды. Жаштарды алып келүү үчүн айлыгын эки эсе көбөйтүү керек. Таланттуу жаштар бар, алар даярдалып чыгууда.

Маегиңиз үчүн рахмат.
XS
SM
MD
LG