Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:27

Кенияда президент оппозицияны сүйлөшүүгө чакырды


Кениянын президенти Мваи Кибаки оппозиция лидери Райла Одинганы талаш жараткан шайлоо тууралуу сүйлөшүүгө чакырды. Эгерде Одинга макулдугун берсе, сүйлөшүүлөр 11-январда өтөт. Буга чейин кабарлангандай, оппозиция 8-январга белгиленген массалык нааразылык акцияларын токтотууну чечкен. Оппозиция лидери Райла Одинга өлкөдө түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирген. 27-декабрда президенттик шайлоодо азыркы өлкө башчысы Мваи Кибаки жеңишке жеткени кабарланганда, Кенияда нааразылык акциялары башталган. Анда 300дөн ашуун курман болуп, 250 миң адам турак-жайларын таштап качууга мажбур болгон.

XS
SM
MD
LG