Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:08

12:15 Президент жер титирөөдөн жабыркаган социалдык обьекттерди тез арада оңдоого көрсөтмө берди


Мамлекет башчы Курманбек Бакиев жер титирөөнүн кесепети тууралуу маалыматтарды өз учурунда алып турган жана аны жоюу боюнча жалпы өкмөткө, анын ичинде чукул кырдаалдар министрлигине тиешелүү тапшырмалар берилгенин маалымдады. Ал эң биринчи кезекте зилзаладан жабыр тарткан социалдык обьекттерди: мектеп, оорукана, ФАПтарды калыбына келтирүүнү тапшырып, буга жетишерлик каражат мамлекетте бар, деп белгиледи. Ал эми табигый кырсыктан жапа чеккен турак-жай ээлерине жардам берүү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү жумшоого көрсөтмө берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG