Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:36

ИРАНДЫК ТЕЗ ЖҮРҮҮЧҮ КАЙЫКТАР ЭМНЕ ҮЧҮН АКШнын АСКЕР КЕМЕЛЕРИН КЫСМАККА АЛДЫ?


Ырасмий Тегеран АКШлык жана ирандык аскерий күчтөр арасында 6-январь күнү Ормуз кысыгында болгон тирешүүгө анчейин маани бербеген түр көрсөтүүдө. Дүйнөлүк базарга мунай ташуучу кемелердин кан жолунда болгон бул эрегиш жөнүндө эларалык маалымат булактары жапырт жазган эле. Теги ирандык талдоочулар бейтарап суулардагы тирешүүгө ырасмий Тегеран ички жана сырткы жагдайдан улам абдан кызыкканын айтышат.

6-январда Ирандын ылдым жүрчү беш аскерий кайыгынын Ормуз кысыгында америкалык үч кемени жардырып жиберебиз деп коркутуусун АКШнын Мамкатчысы Кондолиза Райс жана Коргоо министри Роберт Гэйтс “чындап чочулатчу” кутумчулук деп аташты. Ирактык кайыктар АКШнын деңиз флотунун кемелери ок чыгармак болгондо араң артка кеткен.

Тегеран эл аралык деңиз жолунда болгон окуяны - кемелерди таанып билүүдөгү кадыресе иш деп түшүндүрдү. Жарым өкмөттүк Фарс агенттиги деңиз эрегиши тууралуу АКШ тараптын билдирүүсүн президент Буштун региондо башталчу сапары алдындагы “үгүт” деп атады.

Жорж Буш сунни ислам өлкөлөрүндө 9-январда башталчу сегиз күндүк сапары-аларды Ирандын региондо өсүп бараткан таасирине каршы колдоорун шарданалоого багытталмакчы.

Перс булуңундагы кызматташуу уюмуна кирген алты сунни араб мамлекети декабрда Дохада өткөн жыйында Ирандын күчтөнүп баратканына кооптонуусун билдиришкен. Ошондой эле Ирандан Бириккен Араб Эмирлигине таандык үч аралды кайтарып берүүнү же эларалык сотко кайрылаарын эскертишкен.

Теги ирандык Мехди Музафари-Даниянын Аархус университетинин профессору. Ал ирандык аскерий кайыктардын опузасын-Ормуз кысыгында өсүп бараткан кубатын даңазалоо аракети деп санайт:

-Ирандын бул аракети “булчуң көрсөтүү” максатында жасалган кейиптенет. Себеби, акыркы жума-айлардагы окуялар-Ислам республикасы региондо өзгөчө укукка ээ экенин көрсөтүүгө умтулганын күбөлөйт.

Ал эми Гарвард университетинин изилдөөчүсү Мухсин Сазгаринин оюнча, деңиздеги тирешүү-президент Ахмединежаддын артындагы күчтөр марттагы жалпы элдик шайлоо алдында-Вашингтонду ар кандай провокацияга түртүүдөн кайра тарпасын айгинелейт:

-Тирешүү, бир жагынан, Ирандын гвардиялык революциячыл корпусундагы тартипсиздиктин, тентектиктин натыйжасы болду сыяктуу. Экинчи жактан, анын саясый жүйөсү да бар болушу ыктымал. Мойну катуу консерваторлор Иран менен АКШ ортосундагы карама-каршылыкты парламенттик шайлоо алдындагы өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, от менен ойношууда. Корпус фундаменталисттердин негизги тиреги жана анын бир катар командирлери депутат болуу үчүн кызматтан кетишкен. Алар саясый упайды көп топтоо үчүн өлкөдө аскерий атмосфераны түзүүнү каалашат.

XS
SM
MD
LG