Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:57

14:42 И.Чудинов жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу иштери тууралуу президентке маалымат берди


Президенттин маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, бүгүн президент Курманбек Бакиев өкмөт башчы Игорь Чудиновду кабыл алды. Анда өкмөт башчы Ош регионуна жумуш сапары жана жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу иштери тууралуу маалымат берди. Премьер-министрдин маалыматы боюнча, жер титирөөдөн 4 үй толук бузулуп, 990 үй жарым-жартылай зыянга учураган. Андан сырткары 9 мектеп зыянга учурап, анын 7сү жараксыз абалга келген. Президент жабыркагандарга гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүүдө адилеттүүлүк болушун, күн жылыыр замат окууну баштоо, «Айыл» банкы аркылуу муктаж адамдарга насыя бөлүү маселесин койгон. Жер титирөөдөн зыянга учураган үйлөр, курулуштар боюнча корутунду 1-февралга карай чыгарылмакчы.(AiT)

XS
SM
MD
LG