Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:28

ӨЛҮМ ЖАЗАСЫНА ТАРТЫЛГАНДАРДЫН ТАГДЫРЫ ЭМНЕ БОЛДУ?


Референдум аркылуу жактырылган баш мыйзамдын соңку редакциясында өлүм жазасы алынып салынган. Ошентип мурда өлүм жазасына өкүм кылынган ондогон адамдардын иши дароо өмүр бою жаза мөөнөтүнө өзгөртүлгөн. Укук коргоочулардын айтымында, азыркы тапта өтө оор кылмыш кылды деген айып менен өмүр бою жаза мөөнөтүн өтөй турган адамдар үчүн өзүнчө жай куруу зарыл болуп турат. Бийлик өкүлдөрү буга азырынча каражат жок дешет.

Азыркы тапта өлүм жазасына өкүм кылынып, баш мыйзамдын кийинки редакциясына ылайык жаза мөөнөтү өмүр бою болуп дароо өзгөргөн адамдардын саны 180 чамалуу. Укук коргоочулардын айтымында, өмүр бою жаза мөөнөтүнө өкүм кылынгандар үчүн тез арада өзүнчө жай курулуусу керек. Анткени, аларды канча жыл жазага тартылганы белгилүү адамдардын арасында кармабаш керек дешет. Бүгүнкү күнү алар үчүн жаңы түрмө куруу тууралуу сөздөр жүргөнү менен бийлик өкүлдөрү каражаттын жоктугун айтып жатышат. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Азиза Абдрасулованын пикиринде, өмүр бою кесилген адамдар бүгүнкү күнү өтө катаал шарттарда кармалып, жертөлөлөрдө жатышат:

- Баш мыйзамда мурда өлүм жазасы колдонулат, мыйзам менен иреттелет деген болчу. Азыр жаңы редакцияда өлүм жазасы тууралуу сөз жок эч кандай. Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилгенен бери өлүм жазасына тартылгандардын тагдыры каралып баштап, алар эми өмүр бою жаза өтөп калышат. Бирок аларды кармаганга шарт жок бизде.

Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акундун айтымында, бүгүнкү күнү өмүр бою жаза өтөй тургандар үчүн өзгөчө режимдеги түрмө курууга мамлекеттин каражаты жок. Укук коргоочу, мындай өзгөчө түрмөнү эл аралык уюмдардын жардамы менен тез арада куруу керек деп эсептейт:

- Өлүм жазасына өкүм кылынгандар эки жүзгө чукулдап калган. Алардын акыбалы, кармоо шарты керек эми. Өмүр бою отура турган болуп калгандан кийин аларга атайын жай курбаса болбойт. Ошондуктан эл аралык стандарттарга дал келген түрмө жайын куруп, ЕККУ сыяктуу уюмдардан атайын долбоорлордун негизинде каражат алып, муну куруш керек. Мамлекеттин болсо буга каражаты жок. Мамлекет кайсы бир пайызын мойнуна алса деле болот.

Мурдагы депутат Азимбек Бекназаров, былтыркы жыл соңунда таркатылган парламент бул боюнча бир катар мыйзам долбоорлорду кабыл алганын, Адилет министрлигине өзгөчө режимдеги түрмө куруу үчүн акча бөлүнгөнүн, бирок алар ушул кезге чейин аткарылбаганын айтты:

- Өлүм жазасындагы адамдарды алты айдын ичинде Жогорку Сот карап, өмүр бою түрмөдө кармай турган режимге которуш керек деген мыйзам кабыл алынган. Экинчиси, алты айдын ичинде ошолорго атайын режимдеги түрмө салынсын деп дагы мыйзам кабыл алганбыз. Анан ошол түрмө үчүн биз Жогорку Кеңеште атайын акча караштырып, Адилет министрлигине бергенбиз, тез арада тендер өткөрүп, 2008-жылдын январына чейин кургула деп. Ошонун бирөө да бүгүн аткарылган жок.

XS
SM
MD
LG