Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

14:31 Азиза Абдырасулова: Аксы окуясы боюнча ишти кайра кароо керек


Аксы окуясында жабыр тарткандардын өкүлү Азиза Абдырасулова мындай пикирин Жалалабаддагы соттук териштирүүлөрдүн жыйнаксыздыгы менен байланыштырды. Укук коргоочунун айтымында, аксылыктар атылган жерде болгон адамдар соттук териштирүүлөргө катыштырылбай, судьялар соттордун төмөнкү тепкичинин чечимдерине, карары ыктымал жогорку тепкичтерине шилтеме берүү менен гана чектелүүдө. Аксы окуясы боюнча горнизондук соттун чечимин жокко чыгарууну сурап кайрылган жабырлануучулардын жана айыпталуучулардын арыздарын республикалык аскер соту 11-январдан бери Жалалабад шаарында карап жатат. Горнизондук сот ИИМдин Жалалабад облустук кызмат башчысы Кубанычбек Токобаев менен мурдагы облпрокурор Зоотбек Кудайбергеновду 5 жылга шарттуу эркинен ажыраткан.(BuS)

XS
SM
MD
LG