Эки күндүк сапары маалында Буш Сауди бийликтеринен Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянына жана Иранды обочолонтуу кампаниясына колдоо табууну көздөйт. Эр-Риядда президент Буш Вашингтон Сауд Арабияга эң алдыңкы типтеги бутаны таамай мээлей турган ири суммадагы куралды сатуу тууралуу келишим долбоору Конгресске сунушталганын билдирди.