Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:56

ТҮНДҮК КАВКАЗДА ЖАГДАЙ МУРДАГЫДАЙ ЭЛЕ КООГАЛУУ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Дагстандын борбору Махачкалада дүйшөмбүнүн таңында атайын жүргүзүлгөн операциядан үч куралчан жок кылынган. Алардын сөөгүн атайын чабуул жасашкан федералдык аскерий күчтөр алар жашынып жатып ок атышуу уюштурушкан квартирадан таап алышкан. Ишемби күнү Энгельс көчөсүндөгү беш кабат үйгө жасалган чабуул эртеден кечке дейре созулган. Атышуу маалында федералдык тараптан бир кызматкер жарадар болгон. Андан бир күн мурда Кабарда-Балкариянын борборунда да милиция кызматынын жогорку жетекчиси куралчандар тараптан атып өлтүрүлгөн.

Кабарда-Балкар жумуриятынын ички иштер министрлиги таркаткан маалыматта Анатолий Кяровго алтынчы күнү кечки саат он чамасында Нальчик шаарында бир убакта эки тараптан автоматтан ок жаадырылган. РИА «Новости» жазганга караганда Кяров жан берген жерде ар башка типтеги автоматтан атылган туура 101 жез калган.

«Кавказ-центр» сайты жазганга караганда чын эле дал ошол түнү, ошол жол менен Орусиянын федералык коопсуздук кызматынын деректири Николай Патрушев өтүптүр. Ал күнү Эльбрус тоосуна чыгуу боюнча тандалган аскерлердин машыгуусун өткөрүп, Патрушев ошол жерде болгон экен. ИНТЕРФАКС жазганга караганда, «Машыгуу бир эле учурда бир нече учактык майдандан ФСБнын учактары менен тик учмалары атайын кызматкерлерди салып алып Түндүк Кавказдагы макулдашылган жерге учуп келишкен. Машыгуу куду согуш учурундагыдай шааниде жана абдан жашырын өткөрүлгөн».

Ал эми ФСБ өкүлү айтканга караганда ал күнү Орусиянын атайын кызматы алыскы аймактардагы террорчулукка каршы күрөштүн эң татаал машыгуусун өткөргөн.

Ошол эле күнү Дагстандын ордо калаасында да куралчандарды жашынып жаткан үйүнө камап, аларды багынтуу иш чаралары башталган. Алар мыйзамсыз курал алып жүргөндөр болгонун кийин «Азаттыктын» кабарчысы Тимур Салимов билдирди:

«Алардын бири Буйнактык деп аталган жааттын лидери Баматкан Шейховдун уулу Гажымурат Шейхов жана ошол эле топтун мүчөсү Шамсудин Омаров болуп чыгышты».

Анализчилер арасы болсо Түндүк Кавказда согуштук кагылыш көчүп жүрмө адатка айланды дешет. Анын азыр сегиз жыл мурдагыдай бир эле Чеченстанда эмес бүтүндөй Түндүк Кавказдык элдерди аралап кеткенин белгилешет. Ошондуктан Түндүк Кавказда абал оңолот дешке себеп жок дешет анализчилер.

Мунун себебин, адам укугун коргоочу Татьяна Лакшина, ал аймактагы Кремлдин террорчулукка каршы жүргүзгөн күрөшү жарытылуу натыйжа бербей атышынан көрөт. Ал кармашта жикчилдердин оозу басканы менен бийлик кармашка катышып аткан калган түрлөрүн жеңе албады дейт:

«Жикчилдик канаты - кыйратылды, ал эми экстремисттик, террорчулук, албетте, (кремлдик бийликти – ММ) жеңип чыгышты. Ошол себептен Кавказда мындан ары да ырктын бузулуусу улана бермекчи».

XS
SM
MD
LG