Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:11

8:15 Айрым саясий партияларды салык кызматы текшерүүгө ала баштады


Кечээ Биринчи май районунун салык кызматынын өкүлдөрү “Ар намыс” партиясынын каржылык ишмердүүлүгүн текшерүүгө ала турган буйрукту берип кетишти, деп билдирди партиянын төрага орун басары Эмил Алиев “Азаттыкка”. Анын айтымында, партия каттоодон өткөндөн кийин укуктук негизде каржылык ишмердүүлүгүн тиешелүү органдар текшерип турушу керек. “Бирок мындай текшерүү партия түптөлгөн 1999-жылдан бери бир дагы жолу болгон эмес”,-дейт Алиев. Маалыматтарга караганда “Ата Мекен”, “Жашылдар” партияларынын дагы каржылык ишмердүүлүгү салык кызматы тарабынан текшерүүгө алына баштаган. Айрым талдоочулар «Кыргызөнөржайкурулушбанкын» банкрот кылуу аракетин, “Оберон” фирмасын жана айрым оппозициялык партияларды текшерүүгө алынышын бийликтин саясий кысым жасоо ыкмасы катары баалашууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG