Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:49

УТРКнын БАЙКООЧУ КЕҢЕШИНЕ КИМДЕР БУТ ТОСУП АТАТ?


УТРКнын байкоочу кеңешинин таркап кеткенден калган беш мүчөсүнүн ишмердүүлүгүнө тоскоолдуктар болуп, аларга Жогорку Кеңешке же УТРКга кирүүсү үчүн документтер берилбей жатат. Бул тууралуу билдиришкен байкоочу кеңештин мүчөлөрү, муну бийликтин биринчи каналды реформалоону каалабай жатканы менен түшүндүрүп жатышат. Ал эми бийлик мүчөлөрү бардык иштер өз жолу менен баратканын, шашылууга себеп жоктугун, реформалар жүрүп жатканын айтышууда.

УТРКнын байкоочу кеңешинин 5 мүчөсү алардын толук кандуу иштөөсүнө тоскоолдуктар түзүлүп жатканын айтып, алардын документтери азыркыга чейин берилбей жаткандыктан УТРК менен Жогорку Кеңештин имаратына кире албай калышканын айтып жатышат. Былтыр күздө парламенттик шайлоону утурлай жаңы эле түзүлгөн байкоочу кеңештин бир канча мүчөсү иштөөдөн баш тартышып, кворум болбой анын иши үзгүлтүккө учураган эле. Аны бир катар саясатчылар саясий оюн деп жоромолдошуп, бийлик шайлоо учурунда маалымат айдыңын колдон чыгаргысы келген жок деп баа беришкен. Байкоочу кеңештин мүчөсү Исмаилжан Шайбеков, маселе кандай экендигин төмөнкүдөй түшүндүрдү:

- Биздин күбөлүгүбүз мурунку Жогорку Кеңеш маалында эле даяр болгон. Бирок эмдигиче биздин колубузга тийбегени өкүнүчтүү. Азыркы маалда барып калсак, КТРге да киргизишпейт. Бул деген бизде мыйзамдын толук кандуу иштебей атканын көрсөтүп турат. Эски бийлик учурунда КТРдин кандай иштегенин өзүңүздөр көрдүңүздөр. Биздин негизги максатыбыз аны мүмкүн болушунча элдики кылуу. Негизги укугубуз КТРдин жетекчилерин шайлоо. Бул КТРге бийлик тараптан цензуранын жок болушун алып келмек. Эркиндик алып келмек.

Байкоочу кеңешке президенттен беш өкүл, Жогорку Кеңештен беш өкүл, жарандык коомдон беш өкүл шайланышы керек. Серепчилердин баамында, байкоочу кеңеш шайланган күнү деле анын иши азыркы парламенттегиден айырмасы болбойт. Анткени, президенттин “Ак жол” партиясы парламентте көпчүлүктү түзгөндүктөн, УТРКнын байкоочу кеңешиндеги көпчүлүк бийликке түздөн-түз көз каранды болуп калат. Байкоочу кеңештин дагы бир мүчөсү Элвира Сариеванын айтымында, мунун бардыгын бийлик түшүнүп турганы менен алардын ишин тездетүүнү каалабай жатышкандай:

- Азыр шайлоо бүтүп, парламентте добуштардын 90 пайызын “Ак жол” партиясы түзүп турганда Байкоочу кеңешти толуктап коюу бийликке коркунуч деле келтирмек эмес. Анткени, кандай болгон күндө да Байкоочу кеңеште 90 пайыз добуш “Ак жолдун” же болбосо президенттин пайдасына чечилмек.

Ал эми бийлик өкүлдөрү реформалар акырындап жүрүп жатканын, жыйынтык чыгарууга али эртелик кыларын айтышууда. “Ак жол” партиясынан шайланган Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Мамасалиев да бардыгы жакшы болорун, УТРКны коомдук кылуу боюнча тиешелүү документтерге президент эбак кол койгонун, бул маселе жакын арада чечиле турганын билдирди:

- Менин жеке пикиримде КТРде байкоочу кеңеш болушу керек. Президент деле бул тууралуу мыйзамга кол койгон. Андыктан кайра мурдагыга кайтып келсек туура эмес болот го, эл деле түшүнбөйт да.

ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Азамат Абабакиров, бул тууралуу буларга токтолду:

- ЕККУ КТРдин коомдук болушун башынан эле колдоп келген. Андан бери буга түрдүү тоскоолдуктарга карабай 5 байкоочу болсо да иштеп атканы жакшы. Эми биз буга тынчсыздануу менен карап турабыз. Үмүт бар негизи.
XS
SM
MD
LG