Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:05

КЕСИЛГЕН КУЛАК, КЕРТИЛГЕН СӨӨМӨЙ ...


Шайырбек Мукарамов, Бишкек Кыргызстанда Ак үйдөгү таасирдүү бир атка минердин үйүнө жиберилген жаңы жылдык белектен адамдын кесилген кулагы менен сөөмөйү чыкканы тууралуу маалыматты соңку күндөрдө айрым жергиликтүү маалымат каражаттары ачыкка чыгара баштады. Буга чейин коомчулукка айтылбай келген мындай маалыматтын ачыкка чыгышы имиш-имиш деңгээлинде айтылып жаткан ар кандай жоромолдорду дагы күчөткөнсүдү. Айрым талдоочулар Болот Ногойбаев жаңы өкмөттүн курамына кирип, ант бергенден көп узабай эле ички иштер министрлигинен алынышын да ушул окуяга байланыштырууда.

Бул окуя тууралуу биринчи болуп «Дело №» гезити ушул шаршембидеги санына жарыялады. Басылманын жазганына караганда, жаңы жыл алдында, 31-декабрда жогорку бийликтеги таасирдүү бир төрөнүн үйүнө мунай компанияларынын бирине тиешелүү кийимди кийген бир жигит жасалгаланган кутуда жаңы жылдык белек таштап кеткен. Белекти үй ээсинин жубайы кабыл алган. Кутуну ачканда андан адамдын кесилген кулагы менен колдун бир манжасы чыккан. Кийинчерээк бул кулак менен сөөмөй жаңы жыл алдындагы катуу аязга тоңуп, каза болгон үй-жайсыз бир адамдын денесинен кесилип алганы белгилүү болуп, бул ишке Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аралашканы шектелип жатканы айтылууда.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов чын эле ушундай окуя болгонун, учурда кылмыш иши козголуп, аны Башкы прокуратура тергеп жатканын айтат.

Коомчулукта бийлик өкүлдөрү муну оппозициядагы атаандаштарынан көрүп, соңку күндөрдө оппозициялык партияларга карата текшерүүлөрдүн жүрүшүн, саясий кысымдардын күчөшүн да ушул окуя менен байланыштырган пикирлер жок эмес. «Ар намыс» партиясынын лидерлерлинин бири Эмил Алиев болсо бул окуяны бийликтегилердин ич ара келишпестигинен чыккан деп эсептеп, бирок жанагындай саясий кысымдар, текшерүүлөр оппозицияны коркутуп кою максатында жасалып жатышы мүмкүндүгүн түкшүмөлдөйт. Эмил Алиев ошондой эле ички иштер министрлигиндеги жетекчиликтин алмашылышына түздөн-түз ошол окуя себеп болду деп эсептейт.

Мурдагы ички иштер министри, «Акыйкат» партиясынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев болсо министрдин алмашуусун бул окуядан көрбөйт:

- Кесилген кулакка байланышкан окуя Бишкекте болуп, ага Свердлов РИИБинин кызматкерлеринин тиешеси бар деп атпайбы. Андай болсо Бишкек ШИИБинин ошол кездеги башчысы Молдомуса Конгантиевдин карамагындагы кызматкерлерге байланыштуу болуп атпайбы. Анда эмне үчүн Конгантиев министр болуп калды, бул түшүнүксүз. Ошондуктан министрдин алмаштырылышына бул окуя эмес, башка бир себептери бар го деп ойлойм. Эми албетте бул кадрдык чехарда. Мына 2005-жылдын мартынан бери бул тармакта 8 министр алмашылды.

Адам укуктары боюнча президент карамагындагы комиссия төрагасы Турсунбек Акун болсо бул окуяны жеткен карасанатайлык катары баалап, аны жасагандар бетме-бет ошол бийлик өкүлү менен күрөшө албайт деп эсептейт. Башкалардан айырмаланып Турсунбек Акун аталган министрликте жетекчиликтин алмашуусуна түздөн-түз ушул окуя себеп болгонун ачык айтты:

- Ошол жанагы кулак менен сөөмөй тапшырылды деген мамлекеттик чиновник жөнөкөй киши эмес. Кыргыз мамлекети үчүн өтө чоң иштерди жасап жатат ал азыр. Бул ишти жасагандар жеткен карасанатайлыкка барып, өтө төмөн түшүп кетишти. Бетме-бет ошол жигит менен күрөшө алышпайт. Деги эмне деген заманда жашап жатабыз? Мындан баарыбыз жыйынтык чыгарышыбыз керек. А ошол кулак тапшырылган мамлекеттик кызматкер мындан жыйынтык чыгарды. Министрдин орун басарлары менен кошо кызматтан алынышына түздөн-түз ошол окуя себеп болду.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов болсо чынында бул окуя боюнча азыр кандай божомол-жоромолдор айытылып жатканын, алардын баары тергөөдө такталаарын, азырынча жыйынтык чыгарууга эрте экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG