Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

ЭКОНОМИКА: АЛДЫГА- АРТКА


Кыргызстан экономикасынынын өткөн жылкы өнүгүшүнүн так жыйынтыктары чыга элек. Бирок да өкмөт алдын-ала жыйынтыктар чыгарып, эмнелер жасалып, эмнелерге көңүл буруу керектигин жыл башында талкууга алды. Өкмөттүк жыйында быйылкы жылдын бюджети каралды.

Өткөн жылдын экономикалык көрсөткүчтөрү көкөлөгөн инфляциянын айынан кыйла эле жупуну көрүнүп, 20% ашып кеткен инфляция быйылкы жылы кандай болор экен кабатыр суроосу менен башталды. Кыргызстан экономикасын артка тарткан эки тармак өнөр жай өндүрүшү өткөн жылы 7 % бираз ашкан көрсөткүчкө жетишкени, 4 % жетет деген айыл чарбасы артка кетип 1,5 % араң чыкканы өкмөттүк жыйында да кепке алынды. Курулуш, тейлөө тармагындагы ыкчам өсүш болбосо бул жылы деле Кыргызстан мурдагы жылдардырагыдай шылтоону саясий себептерге түртө салып, олуттуу дегидей себеп-жөндү табары бышык болчу. Кыргызстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун ырасташынча, ойлогон ойлордун көбүн инфляция жеп кетти.

- Инфляциядан оозу күйүп калган кыргыз өкмөтү быйылкы жылдын экономикалык өнүгүшүн үч түрдүү негиздүү, оптимисттик жана пессимисттик деген түрдө болжолдоп, эмитен эле этият мамилеге өтүүдө.

Илгери үмүт дагыле болсо “Кумтөр” алтын кенинде өндүрүштүн көбөйүшүнө байланышту болуда. Ошондо оптимисттик божомол боюнча ички дүң продукт көлөмү 8,5%, өнөржайы 34%, айыл чарбасы ашык-кеми жок 5% өсүп калышы ажеп эмес. Бул эми инфляция 8% ары көтөрүлбөйт дегендеги көрүнүш.

Пессимисттик божомол чындап ишке ашчу программа. Анда ички дүң продукт көлөмү 7 % ары-берисинде, инфляция деңгээли 18 % чапчып, энергетикадагы төмөндөө 22 % түшкөн чакта болчу божомол. Акылбек Жапаров Кыргызстан алтын кенинин пайдасын эми көрүп, акцияларынын үзүрүн пайдаоанышы керек деген пикирде.

Кыргызстандын каржы министри Тажикан Калимбетова Кыргызстандын быйылкы жыл бюджетинин негизги параметрлерин мындайча мүнөздөдү:

- Бюджеттин жалпы кирешелери менен гранттардын эсебинен келчү акчалар 36,3 миллиард сом өлчөмүндө, бул 2007-жылдын бюджетине салыштырмалуу 8,2 миллиард сомго арбын. Ал эми жалпы чыгымдардын өлчөмү 42,4 миллиард сом деп белгиленди. Мурдагысына салыштырамлу бул 10,2 миллиард сомго көп. Таңкыстык 3,3 миллиард сомду түзөт.

Өкмөт башчы Игорь Чудинов быйылкы жыл бюджети кыйла эле кысталыш түзүлгөнүн, ансе да ал мурдагысындай эле социалдык багытынан өзгөрбөгөнүн белгиледи.

- Инфляция , башка кыйынчылыктарга карабай биз 2007-жылы эколномиканы өстүрө алдык.

Өкмөт жыйынында 2008-жылдын бюджети негизинен жактырылып, аны эки-үч күн ичинде дагы тактап, парламентке сунуш кылуу жагы Каржы министрлигине тапшырылды.

XS
SM
MD
LG