Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:35

16:15 Кыргызстан казак көмүрүнөн көз карандылыгын азайта алат


Мындай пикирди «Көмүр» мамлекеттик мекемесинин адистери айтышууда. Учурда Каракече көмүр кенинде беш ишкана көмүр өндүрүүдө. Алар: “Шарбон”, “Беш Сары”, “Ак-Жол көмүр”, “Демилге плюс ЛТД” жана мамлекеттик “Акулак” ишканалары. “Мамлекет Каракечедеги кырдаалды ооздуктай албайт. Ошондуктан ал жердеги соңку окуялар көмүрдүн кымбатташына, аны уурдоого, техникалык жабдууларды сатууга алып келди”, - деген адисттер өкмөткө акциялардын элүү бир пайыздык жалпы үлүшү менен мамлекеттик ишкана ачууну сунуш кылышкан. Ал эми Кыргыз өкмөтү жакында эле Каракече көмүр кенинде акциялардын мамлекеттик пакетинин элүү бир пайыздык үлүшү менен көмүр казуу ишканасын түзүү тууралуу токтомун ушул аптанын башында кабыл алды. (ESu)

XS
SM
MD
LG