Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:47

9:45 Ош облусундагы жер титирөөнүн кесепеттери парламентте талкууланууда


Зилзала болгон Карасуу районуна барып келишкен Жогорку Кеңештин төрагасы жана депутаттык фракциялардын мүчөлөрү жабыр тарткандарга аткаруу бийлигинен ар тараптуу жардамдар берилип жатканын белгилешти. Ошондой эле чукул кырдаалдардын алдын алууга тиешелүү мекемелердин даярдыгы жок экендиги айтылды. Депутат Искак Масалиев жер титирөөгө туруштук бере турган Ивановка айылында курулуучу арзан баадагы үйлөрдү көбөйтүп чыгарууну колго алууну өкмөткө сунуштады. Ош облусундагы жер титирөөдөн жапа чеккендерге болжол менен 2 млн. 900 миң сом акчалай жардам көрсөтүлсө, анын 1 млн.сомго жакыны Жогорку Кеңеш тарабынан которулган. Түштүктөгү жер титирөөнүн кесепеттери жана аны жоюу маселеси парламентте жума күнү өкмөттүк саатта карала турган болду. (AJ)

XS
SM
MD
LG