Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

САРТПАЙ ЖАЙЧИБЕКОВ: БИЙЛИК АКСЫ ОКУЯСЫ БОЮНЧА ЭЛДИ АЛДАП КУТУЛГАН ЖАТАТ


Аксы окуясы боюнча козголгон кылмыш ишин териштирүү боюнча Жалалабатта болуп жаткан республикалык аскер сотунун жыйынында тыныгуу жарыяланды. Ошондой эле сот жыйыны мындан ары Бишкекте улантылат деген маалымат чыккан. “Азаттыктын” таңкы уктурууларында аксылык жабырлануучулардын адвокаты Сартпай Жайчибековдон Аксы окуясы боюнча иштин кандай каралып жатканын, кандай маселелер чыгып атканын сурадык.

- Алгач Аксы окуясына байланыштуу сот ишинин башталбай жатып токтогонуна эмне себеп болгонун кыскача айтып берсеңиз?

- Аксы окуясы боюнча соттун токтоп калганын себеби субъективдүү фактор. Менин ооруп калганыма байланыштуу сотту токтотуп коюшка мажбур болушту. Азыр дарылануум бүтөйүн деп калды, бүтсө кайра башталат го.

- Ошол эле учурда сот мындан ары Бишкек шаарында уланышы мүмкүн деген маалыматтар бар, ошондой болобу?

- Негизинен өтүнүчтөр берилген адвокаттар тарабынан, Бишкек шаарында уланышы мүмкүн.

- Качан болушу азырынча белгисизпи?

- Азырынча белгисиз.

- Аксы окуясы боюнча сот иши акыйкат чечилбей турган болуп калды. Жогорку бийлик тараптан эртерээк бир жаңсыл кылгыла деген буйрук берилди деген маалыматтар бар. Мырдагы бийликтин тушунда, ошол эле учурда азыркы бийликтин тушунда да бул ишке адилеттик болбой калды, тийиштүү документтер жок кылынган деген сөздөргө кошуласызбы?

- Мунун баарысына кошула албайм. Аксы окуясын аягына чыгарып койсо болот эле, бирок аягына чыгарышкан жок. Мен муну атайылап аягына чыгарган жок деп эсептейм. Ал эми тийиштүү документтердин кээ бирлери жок кылынып жиберилген деп айтыш кыйын, себеби 3 томдон турган материал бар. Анын ичинен кайсы документти жок кылып жибергендигин такташ кыйын. Учурунда аны окуп чыгып, керектүү көчүрүп алган материалдар менде сакталуу.

- Бүгүн сиз бир нече укук коргоочулар менен кошо башкы прокурор менен жолугушат экенсиз. Сиз ошол жолугушууда Аксы окуясына байланыштуу дагы кошумча ачылып, козголо турган кылмыш иштери жүрүшү тууралу кызыгып, маселе козгойм деп ойлоп атасызбы?

- Эгерде бүгүн баш прокурор менен жолугушууга мүмкүнчүлүк боло турган болсо, сөзсүз түрдө калган кылмышкерлерге иш козголушу жана анын бүтүшү боюнча сөзсүз маселе козголот, ал менин оюмда бар. Азыр муну 3 эле адамды жоопко тартуу менен Аксы окуясынын аягына чыгабыз деген маселе туура эмес. Негизинен Аксы окуясынын аягына чыгарыш үчүн булардан жоопкерчилиги чоң адамдар бар, өйдөңкү бийлик башында иштеген адамдар бар. Алар жоопкерчиликке тартылыш керек сөзсүз түрдө. Ал маселе эч качан токтобойт. Ар бир мамлекеттин башында турган адамга бул суроо болуп коюла бере турган нерсе.

- Башкы прокурор жарым жыл мурда берген маалымат жыйынында айтты эле 2002-жылдын 18-мартындагы ок атуулар боюнча. Ошол эле учурда Азимбек Бекназаровдун камакка алынышы боюнча да өзүнчө кылмыш иштери ачылат деп. Бул иштеринин ачылып тергелип жатышы боюнча сиздин кабарыңыз барбы адвокат катары?

- 18-март жана Азимбек Бекназаровдун үстүнөн козголгон иштер боюнча кылмыш иши мурун эле ачылган. Бирок ал кыскартылып коюлган. Чынын айтканда, ал ишти эртең кире турган болсок, жандардыруу маселесин козгойм. Бирок канчалык деңгээлде ал иш жүзүнө ашат азырынча айта албайм.

- Өзүңүздүн көзүңүз жетеби азыркы бийликтин тушунда Аксы окуясы аягына чыгаарына?

- Аксы окуясы азыркы бийликтин тушунда аягына чыкпайт деп ишенем. Себеби бул бийликтин келгенине үчүнчү жылга толот. Тергедик, бүтүрдүк, сотко өткөрдүк деген маселелердин баарысы бул элди алдоо максатында жүрүп аткан иштей сезилет мага.

-Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG