Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:39

УЛУТТУК СЫНАЛГЫДА БАШТАЛГАН РЕФОРМАБЫ ЖЕ ЧАЛМАКЕЙБИ?


УТРКнын айрым кызматкерлери корпорациянын жаңы жетекчилиги жүргүзүп жаткан саясатка нааразылык билдиришүүдө. “Азаттыктын” таңкы уктурууларына УТРКнын мурдагы вице-президенти Бейшенбек Бекешов жана президенттин азыркы орунбасары Эрнис Кыязовду алып чыгып, алар менен түз ободогу маекте нааразылыктын чоо жайын сурадык.

- Бейшенбек мырза, сиздердин нааразылыгыңыздарды туудурган негизги маселе кайсы?

Б.Б. - КТРга жетекчи болуп келген Мелис Эшимканов бул жерде реформа жүргүзөм деген убада, максат менен келип, кыскасын айтканда бул жерде чоң чалмакейди баштады. Анын эч нерсеси мыйзамга да, логикага да ылайык келбейт, акылга да сыйбайт. Ошондой иш, албетте, бул жерде ызы-чууну пайда кылып атат. Мунун аягы дагы жакшы болбойт болуш керек.

- Бул жерде айрым кызматкерлерди кызматтан бошотуу маселеси болуп атабы?

Б.Б. - Ооба, бир топ кызматкерлерди тиги киши мыйзамды карабай эле, эмгек кодексинин нормасын карабай эле, каалагандай ордунан бошотуп, жылыштырып, чалмакей чалып кетти “Агымда” жүргөндөй. Бул мамлекеттик ишкана, бул жерде КЗОТ, Эмгек кодекси деген иштейт деген маселелер анын оюнда жок экен. Ошондуктан ошонун арты ушуга алып келип атат.

- Буга чейин КТРдин берүүлөрү бир жактуу, талапка жооп бербейт деген сын пикирлер далай эле айтылып келди эле. Мүмкүн буга дал ошол кадр саясатынын кедергиси тийип келгендир. Азыркы жетекчилик ошол мүчүлүштүктү оңдоого кылган аракети, мүмкүн, айрым кадрларга жакпай жатса керек?

Б.Б. - Ошондой деп айта берсе боло берер го, бирок Эшимкановдун жасаган ишинин эң өзөгү, жүзү кадр саясатынан көрүнүп атат, өзүнүн койгон кадрлары жасаган ишинин негизин, чордонун аныктап атат. Мисалы, реформа жасайм деп, телевидениеде Тамара Жаманбаева деген эжекебиз бар, ошону жетекчи кызматтарынын бирине алып келип атат. Эми ушул киши 50 жылдан бери жасабаган реформасын эми жасайт экен. КТРде мурда 30 жыл иштеп ошол жерде жетекчилик кызматтын баарында жасабай кеткен Молдосейит Мамбетакунов деген агайыбыз бар эле, ошол кишини алып келип атат. 30 жыл жасабаган реформасын эми жасайт көрүнөт.

- Азыр биз менен байланышта Эрнис Кыязов да бар. Азыркы жетекчиликтин УТРКнын берүүлөрүнүн сапатын оңдоо аракети мүмкүн айрым бир кызматкерлерге жакпай жаткандыр, Эрнис мырза кандай дейсиз?

Э.К - Жетекчилик, конкреттүү түрдө Мелис Эшимканов жөнүндө доомат болуп атат Бейшенбек Бекешов мырзада. Ушул жүргүзөлү деп аткан реформанын шарында мен да бармын. Мелис Эшимканов тигиндей, мындай кылалы деген аракеттерди мен да угуп, көрүп, аралашып жүрөм. Албетте, бул жерде реформа дегенден кийин кадрдык алмаштыруулар да болот экен. Ошол нерселер УТРКдагы кимдир бирөөлөргө ыңгайсыз болуп атса керек. Ал эми жанагы жумуштан бошотуу маселеси боюнча: юридикалык негизден алганда бир дагы кызматкер жумуштан айдалган жок. Болгону кыргызча айтканда, эчки болобу, теке болобу сүт берсе болду дегендей, бир структурада иштеген кызматкерди тиги, же бул жакка иштетип, талантыңарды ачык көрүп, болсо антели, болбосо минтели деген кадрдык саясат жүрүп атат. Мунун арты кандай үзүр берет, ал убакыттын иши.

- Сиз деле улуттук телерадио корпорациясына келип иштегениңизге бир нече жыл болуп калды. Сиз кандай ойлойсуз, УТРКны түбүнөн реформалоого мезгил келип жеттиби?

Э.К. - Дегеле биз жаңы велосипед ойлоп тапкан жокпуз, КТРди оңдош керек, реформа кылыш керек деген сөз бир нече жылдардан бери айтылып келатат. Мунун дагы жүйөсү, негизи, себеби эң туура деп ойлойм. Башка маселе, аны кандай формада, кандай түрдө өзгөртүш керек. Эми биз колубуздан келишинче эле аракет кылалы деп эле атабыз. Эшимканов өзү айткандай, ал бул жака байыганы келген жок, же мен бул жакка келип креслону кучактап жыргаганы келген жокмун. Эл карап турат Мелис менен Эрнис эмне кылаар экен деп. Ак көз, кара көз турат, ошонун намысы менен бир нерсе жасайлы деген аракет бар. Негизи эле КТРдин ички кухнясында, бул жерге келген жетекчилер билет, өзүнчө-өзүнчө топтор бар, бири-бири менен жаатташып, бирин-бири көрө албаган кландар бар. Бул бар маселе. Бирок ошого карабастан, мисалы аракет кылып атабыз. Кимиңердин ким экениңерди билбейбиз, акбы же кара мышыксыңарбы, чычкан алсаңар болду деген саясатты жүргүзөлү деп атабыз. Ал эми бирөө жаман, бирөө жакшы деген ар кимди уга бере турган болсок, анда бул жерде иш кылбай эле ушакты аңдып, бул жакшы экен, бул жаман экен деп чекеден репрессияга барышыбыз керек болот.

- Рахмат Эрнис мырза.

Бейшенбек мырза, сизге дагы бир суроо. Сиздер жетекчиликке болгон нааразылыктан улам айрым бир акцияларды баштайбыз деп маалымдап аттыңыздар эле. Бир аз түшүнүк берип кетсеңиз, кандай акция, качан башталышы мүмкүн?


Б.Б. - Мен жанагы айтылган сөзгө реплика катары айтып коёюн, Эшимканов байыганы келген жок деп атпайбы. Эшимканов байыганы келбегендир, бирок КТРге жалаң өз кишилерин орноштурганы келгени айдан ачык болду. Cпецсчет деген фондубуз бар, ошонун эсебинен сырттан кызматка алып, ал эми КТРдин өзүнүн кызматкерлерин кескин, бери дегени 30-40 пайызга чейин кыскартам деп жарыя кылып атат. Демек тигилерди тигинин ордуна орноштурам деген сөз. Ошондуктан максат көрүнүп турат, реформаны билген киши жасайт. Сизде жок акчаны сиз бере албайсыз да, өзүнүн башында реформа жок киши эмне реформаны жасайт.

- Маегиңиздерге чоң ырахмат.
XS
SM
MD
LG