Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:16

БОББИ ФИШЕРДИ КЫРГЫЗСТАНДЫК ШАХМАТЧЫЛАР ДА ЭСКЕРИШЕТ


Жакында эле даңазалуу гроссмейстр, шахмат боюнча дүйнөнүн он биринчи чемпиону Роберт Фишер Исландия өлкөсүндө каза болду. Бобби Фишер таланты менен таанылса да далай азап-тозокту баштан кечирип, АКШ бийлиги тарабынан куугунтукталган. Ал шахмат дүйнөсүнө жаңылык киргизген. Кыргызстандык шахмат күйөрмандары да Бобби Фишерди эскерип, анын шахмат ойноо өзгөчөлүктөрү, башкаларга окшобогон стили тууралуу кеп кылып жүрүшөт.

Даңазалуу гроссмейстр, шахмат боюнча дүйнөнүн он биринчи чемпиону Роберт Жеймс Фишер 1943- жылы 9- мартта АКШнын Чикаго шаарында туулган. Анын атасы немец, энеси швейцариялык еврей болгон. Атасы аны эки жашында апасы менен АКШга таштап, Германияга баса берген. Шахмат ойноону эжеси алты жашында үйрөткөн. Ошондон бери бүт өмүрүн шахмат дүйнөсүнө арнады.

Роберт Фишер 13 жашында шахмат боюнча АКШнын чемпиону аталган. Ал 15 жашында шахмат тарыхындагы эң жаш гроссмейстр болгонун кыргызстандык шахмат күйөрманы Төлөгөн Карыкеев айтып, “дүйнөлүк шахматтын көзүрү эле, ал шахматтын деңгээлин көтөрүп, көп жаңылыктарды киргизген” деп эскерди.

Бобби Фишердин эске тутуусу, акыл жөндөмү жогору болуу менен өзгөчөлөнүп, ал бир нече тил билген. 16 жашында Югославиядагы аймактык мелдештерге катышып, жолу болбой, дүйнөлүк таймашууларга катышуудан баш тарткан. Бирок өз алдынча машыгууларды өткөрүү менен ал Америкада шахматтын деңгээли Европадан төмөн экенин моюнга алып, бир нече жылдан кийин кайрадан дүйнө чемпиондугу үчүн таймашууга бел байлаган. Ал 1972- жылы Исландиянын Рейкьявике шаарында Борис Спасскийди финалда оңой утуп, дүйнөлүк шахмат чемпиону аталып, шахмат таажысына ээ болгон.

Борис Спасскийге чейин ал Марк Тайманов менен Бента Ларсенди утуп, ошондой эле Тигран Петросянды дагы жеңип алган.

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин профессору, шахмат күйөрманы Абдымомун Үсөновдун пикиринде Бобби Фишер таланттуу шахматчы болгону менен кыял-жоругу чатак, кежир адам болгон. Себеби ал 1975- жылы дүйнө чемпиондугуна талапкер Анатолий Карпов менен беттешүүдөн баш тартып, учурунда америка жана советтик мамилелерди татаалданткан. Орусиялык Анатолий Карпов эч кандай финалдык таймашуусуз дүйнөнүн он экинчи чемпиону аталып, Бобби Фишерден чемпиондук наам алынып коюлган.

Андан кийин Фишердин аты угулбай, сейрек ойноп, дайыны билинбей калган. Ал түгүл 1981- жылы Калифорниядагы банкты тоноого катышкандарга окшош деген шектенүү менен полиция тарабынан кармалып, аныгы тактамайынча түрмөдө олтурган.

1992- жылы югославиялык банкир Василевичтин демилгеси менен Бобби Фишер Борис Спасский менен кайрадан беттешүүгө макул болуп, дүйнө элинин көңүлүн бурган. Себеби бул мелдештин байге кору 5 млн. долларды түзгөн. Югославиянын Свети-Стефан деген аралында өткөн мелдеште Бобби Фишер 10:5 эсебинде жеңишке жетишкен. 5 млн. доллар байге уткан Бобби Фишерге АКШнын мамлекеттик департаменти салык төлөөдөн баш тартты деп айыптоо менен аны 10 жылга түрмөгө кесүү же 250 миң доллар айып төлөө чечимин кабыл алган.

Бобби Фишер АКШга баруудан жана айып төлөөдөн баш тартып, бир нече жыл Венгрияда, анан Жапонияда жашады. 2004-жылы Жапонияда кармалып, АКШнын атуулдугунан баш тарткан арызын жазып берген. Ал 8 ай түрмөдө олтуруп, 2005- жылы 24- мартта Исландия өлкөсүнө жиберилген. Себеби ал ушул өлкөнүн атуулдугун тандап алган эле. Аны шахмат ойноодо жаңычыл жана ойлоп табуучулугу менен айырмаланган дешет спорт адистери. Роберт Фишер “Менин унутулгус 60 партиям” деген китеп да жазган.

Көп азап тозокту баштан кечирген дүйнө чемпиону Роберт Фишер былтыр ноябрда бөйрөгү ооруп ооруканага жаткырылган. Ушул дарт аныны өмүрүн кыйып, 18-январда Исландиянын Рейкьявик шаарында суук кабар дүйнөгө тарады.

Шахмат боюнча уландар арасында Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөн тегиндин пикиринде Роберт Фишер дүйнө чемпиондорунун төрөсү. Ал өзгөчө оюндары менен айырмаланган. Анын китебин ар дайым окуп, шахмат ойноонун ыкмаларын үйрөнүп жатам. Ал өзүн өлбөс кылып жаратып койгон инсан, бардык шахматчыларга үлгү” дейт Семетей Төлөгөн тегин.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG