Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54

КЫРГЫЗСТАН ЖОГОРКУ БИЛИМ ТАРМАГЫН ЕВРОПАНЫН ӨРНӨГҮНӨ САЛЫП ӨНҮКТҮРҮҮНҮ КӨЗДӨЙТ


Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын жетекчилери Болон процессине өтүүгө мыйзамдык жол ачуу жөнүндө сунуш менен кыргыз өкмөтүнө кайрылуу жолдогон жатышат. Алардын жүйөөсүндө жогорку билим берүү системасын европалык стандарттардын жолу менен өнүктүрүү бул тармакты натыйжалуулугун арттырып, бүтүрүүчүлөрдүн чет өлкөдө ишке орношуусун жеңилдетмекчи. Жогорку билим тармагында Болон прициптерин киргизүү маселелерин боюнча Билим берүү жана илим министрлигинде өткөрүлгөн конференциянын катышуучулары ушундай чечимге келишти.

Жалалабат мамлекеттик университетинин ректору Абдымаматкадыр Ашыралиевдин айтымында Кыргызстандын жогорку билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн үч жолу турат. Биринчиси эски советтик системаны улап кетүү, экинчиси Болония процессине кошулуу, үчүнчүсү ушул эки системаны айкалыштырып алып кетүү. Өкмөт ушул үч жолдун бирин аныктап бериши керек.

Жогорку окуу жай коомчулугунда басымдуу көпчүлүк өлкөнүн билим берүү системасын Болон процессинин принциптери менен өнүктүрүү келечектүү экенин белгилешүүдө. Алардын жүйөөсүндө, глобализациянын шартында Кыргызстан Болон процессинен четте калып кала албайт. Анткени, Болон процессинин стандарттарына өтүү студенттер менен окутуучуларды мобилдүү кылат. Мунун натыйжасында кыргыз дипломдорунун дүйнөдө таанылыш мүмкүнчүлүгү пайда болот, кыргыз университеттери чет элдик студенттерди аттестациялоодо кыйынчылык тартпай калат, жогорку билим берүүнүн мындай гармониялык системасы окуу жайларга эл аралык кызматташтыкты натыйжалуу өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. "Бул уникалдуу шанс,"- деп айтты Бишкектеги Финансы-экономикалык академиянын ректору Абдырахман Мавлянов.

Март айында Өкмөттүн жыйынында жогорку билим берүү маселеси каралмакчы. Ректорлор корпусу ошол жыйында Болон процессине кирүү үчүн саясий чечим кабыл алууга жетишүү керектигин белгилешүүдө.

Болон принциптеринин негизинде эксперименталдык окутуу Кыргызстандагы бир катар жогорку окуу жайларда колго алынганына бир топ жыл болуп калды. Бүтүрүүчүлөр билим берүүнүн айрым багыттары боюнча европалык бакалавр-магистратура деңгээлинде окуп чыгып жатышат. Бирок мыйзамдык негизи жоктугунан бакалавр даражасы менен бүтүп чыккандарда ишке орношууда кыйынчылыктар келип чыгууда. Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Абакир Мамытовдун эсебинде өлкөдө азыр ар бир онунчу студент бакалавр-магистр моделинде окуп жатат. Калгандары мурдакы советттик үлгүдөгү адистин дипломуна окуп жатышат.

Жогорку билим берүү системасын европалык стандарттарга көчүрүү үчүн Кыргызстан көп мыйзамдык укуктук актыларды кабыл алып, жогорку билим берүү жөнүндөгү мыйзам актыларына, Эмгек Кодексине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизиши керек. Азыркы учурда Билим берүү жана илим министрлигинде эксперттик топтор ушул маселенин үстүндө иштеп жатышат.
XS
SM
MD
LG