Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

17:19 Кыргызстандагы швейцариялык бюро көркөм өнөр долбоорлорун каржылайт


Өз ара кызматташуу жана өнүгүү боюнча швейцариялык бюро “Тилекке-тирек” деп аталган кичи гранттардын ($1500-$2500) конкурсун баштады. Көркөм өнөрдүн бардык түрлөрү боюнча долбоорлорун жергиликтүү уюмдар да, чыгармачыл атуулдар да сунуштай алышат. Мындай сынак аталган бюро тарабынан жылына эки жолу өткөрүлөт. Маданият жана искусствону колдоо боюнча программанын менеджери Каныкей Мухтарованын айтымында, былтыр “Тилекке-тирек” долбоорунун алкагында кыргыз киносунун тарыхы тууралуу китеп чыгарылып, жергиликтүү жазуучулар үчүн интернет-сайт ачылып, Баткенде жаштардын фестивалы өткөрүлгөн. 2007-жылы швейцариялык уюмдун колдоосу менен жалпысынан жыйырма беш маданий долбоор ишке ашырылды дейт Каныкей Мухтарова. (JTo)

XS
SM
MD
LG