Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:54

18:25 Баткен облусунда жетимишке чукул айылда таза суу тартыш


Облустагы 198 айылдын 131 таза суу менен камсыз болгон. Анын ичинен 59 айыл таза сууга Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган “Таза суу” долбоорунун алкагында жеткен. Учурда облус боюнча баш-аягы болуп 70 чукул айыл ичүүчү таза сууга муктаж. Бул тууралу “Азаттыкка” облус губернаторунун орунбасары Акжол Мадалиев маалым кылды. Ошондой эле суу түтүктөрүнүн эскилиги жеткенине байланыштуу Баткен жана Кызылкыя шаарларында таза суу менен камсыздоо мезгил-мезгили менен үзгүлтүккө учуроодо. Мунун кесепетинен 40 миң калкы бар Кызылкыя шаарындагы электр жылуулук меши токтоп, көп кабаттуу турак үйлөр менен ишкана мекемелерге жылуулук берилбей турат. (SA)

XS
SM
MD
LG