Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:37

МИРСУЛЖАН НАМАЗАЛИЕВ: “МЕН ИШЕНБЕЙМ!” АКЦИЯСЫ ТОКТОБОЙТ


Бишкектин 1-Май райондук соту бүгүн жаштардын “Мен ишенбейм” деп аталган кыймылынын мүчөлөрүнүн ишин карап баштамакчы. Кечээ Жогорку Кеңештин алдынан нааразылык чарасына чыгышкан жаштардын тобун милиция кармап кетип, алардын ишин сотко өткөрүшкөн эле. “Азаттыктын” түз ободогу маегинде “Эркин муун” деп аталган жаштар уюмунун лидерлеринин бири Мирсулжан Намазалиев ушул маселе боюнча ой бөлүштү.

- Cилерге кандай айып тагылып жатканы тууралу айтсаңыз?

- Бизге административдик кодекстин эки беренесин буздуңар, милиция кызматкерлеринин талабына моюн сунган жоксуңар жана санкциясы жок жыйын өткөрдүңөр деп айыптап жатышат. Бирок биз экөөнө тең макул эмеспиз. Себеби биздин кечээги акциябыз жыйын эмес болчу. Биз жөн гана сейилдеп Жогорку Кеңешти тегеренип басып жүргөнбүз. Экинчиден, милиция кызматкерлери бизге эч кандай талап койгон эмес. Демек булардын айыптары эч кандай фундаменти жок айыптар болуп эсептелет.

- Анда алар мындай айып тагылышын эмнеге негиздеп жатышат?

- Алар баягы эле Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна негизденип жатышат. Ал жерде эркин жыйындарды өткөрүү үчүн сөзсүз түрдө уруксат алыш керек деген түшүнүк бар болчу. Биз ага караган эмеспиз. Себеби эч кандай митинг, пикет болгон эмес.

- Милицияга баш ийбөөчүлүк болду беле сиздер тараптан?

- Ал жанагы эле административдик кодекс. Милиция кызматкерлери бизге алдын ала айтыш керек болчу бул жерде өткөрбөшүңөр керек деп. Андай эч нерсе уккан жокпуз. Биз тарап баратканда алар кармап кетти. Бирөөбүздү парктан, бирөөбүздү Ленин эстелигинин жанынан, бирөөбүздү аянттан кармады.

- Эми бүгүнкү соттон кандай чечим күтүп жатасыңар?

- Бүгүнкү соттон ар кандай жыйынтык болуп калышы мүмкүн деп эсептеп жатабыз. Себеби биздин уккан имиштерге караганда, 15 суткага жаап коюшу мүмкүн деген сөздөр бар. Кээ бирлери айтып атат, балким кое берип деле коеттур. Себеби 15 суткага жапса андан дагы чоң чыр чыгат. Биз бардыгына эле даяр болуп турабыз.

- “Мен ишенбейм” кыймылынын мындан аркы аракеттери кандай болмокчу?

- Мындан аркы аракеттер токтобойт. 14-февралга карата жаңы акциябызды даярдап жатабыз. Бул сүйүү күнү, жаштардын күнү болгондуктан “Мен сүйөм сени Кыргызстан” деген жаңы акциябызды даярдап жатабыз. Ал жактан деле кармап кетиши мүмкүн бизди.

- Жакында “Асаба” партиясынын төрагасы Азимбек Бекназаров Курманбек Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүү боюнча революциялык комитет түзгөнү белгилүү. Силердин кыймыл, дегеле жаштар уюмдары комитеттин түзүлүшүн, анын талаптарын кандай кабылдап жатат?

- Биздин жаштар кыймылы президенттин отставкага кетишин колдобойбуз. Себеби парламенттик шайлоолордун легитимсиз өткөндүгүн, кайра шайлоо болушун талап кылабыз. Себеби президенттик шайлоого азырынча талабыбызды койгон жокпуз. Ошондуктан бул талап менен көңүл бөлүшпөйбүз.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG