Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:35

АДИЛЕТ МИНИСТРИ УКУК КОРГООЧУЛАРДЫН ДООМАТТАРЫН КАБЫЛ АЛБАДЫ


Укук коргоочулар адилет министри Марат Кайыпов менен жолугушуп тынч митинг, пикеттерди чектөө жана адам укуктарына байланыштуу маселени талкуулашты. Өз сөзүндө Кайыпов атуулдардын Конституцияда жазылган укуктарын коргоого, сактоого бийлик кепил болоорун, алардын укугу капыстан бузулса калыбына келтиргенге мамлекет укук коргоочулар менен бирге иш алып барарын белгиледи. Укук коргоочу Азиза Абдырасулова министр Кайыпов менен жолугушуу негизинен майнаптуу болгондугун белгилеп, бирок анын Бишкек шаардык кеңешинин тынч жыйындарды чектеген токтомун жокко чыгарууга кудурети жетпей тургандыгын билдирди.

Укук коргоочулар 28-январда Адилет министрлигинин жанында пикет өткөрүшүп министр Кайыповду кызматкерлерин мыйзамсыз иштерге мажбур кылууда жана атуулдардын тынч жыйын, митинг өткөрүү укугун чектөөдө деп айыпташкан. Ошондой эле митингдерди чектеген Каракол шаардык кеңешинин токтомун каттабай койгон Адилет министрлигинин Ысык көл облустук башкармалыгынын мурдагы башчысы Болотбек Сопуевге кысым көрсөтпөөнү талап кылышкан. Аталган министрликтин Бишкек шаардык бөлүмүнүн башчысы Нурболот Кутмановду шаардык кеңештин митингдерди чектеген токтомун каттоодон өткөргөнү Конституциялык соттун чечимине каршы келет деп сынга алышкан.

Адилет министри Марат Кайыпов бүгүн укук коргоочулар Азиза Абдырасулова жана Төлөйкан Исмаилова менен жолугушуп, алардын пикет өткөрүп, коомчулукка Адилет министрлигинин иш аракеттерин сынга алуусуна негиз жок экендигин белгиледи. Министр адам укугуна байланыштуу маселелерди укук коргоочулар менен бирге чечүүгө макулдашылганын билдирди.

-Азиза Абдырасулова жана Төлөйкан Исмаилова менен бүгүн сүйлөштүк. Алар бейөкмөт уюмдардын жетекчилери катары Кыргыз Республикасындагы жарандардын саясий Конституцияда жазылган укуктарын сактаганга, коргогонго, капысынан укуктары бузулса аны калыбына келтиргенге биз менен бирдей иш алып барышат. Экинчиден Кыргыз Республикасынын азыркы мыйзамдарында митинг, пикет өткөрүү үчүн Конституциянын негизинде бийликке билдирме жөнөтүүсү керек. Бирок ошол билдирүү жөнөтүүнүн түшүнүгү бир дагы мыйзамда так жана даана жазылган эмес.

Кайыпов бул маселе боюнча Азиза Абыдрасулова баш болгон укук коргоочулар иштеп чыккан мыйзам долбоорун биргелешип тыкат иштеп чыккандан кийин Жогорку Кеңешке сунушташарын маалымдады. Ал ошондой эле Адилет министрлигинин кызматкери Болотбек Сопуевге эч кандай кысым көрсөтүлбөгөнүн, аны Нарын облустук башкармалыгынын башчылыгына дайындаганын айтты.

Укук коргоочу Азиза Абдырасулова болсо министр Кайыпов менен болгон жолугушуу майнаптуу болгонун, анын берген жоопторуна канагаттанганын белгиледи. Анын ичи чыкпаган жагы - "Кайыпов мырза Бишкек шаардык кеңешинин митингдерди чектеген токтомун жокко чыгарууга чечкиндүү кадамдарга бара албай жатат".

-Бишкек шаар кеңешинин митингдерди чектеген токтомун юрист катары түшүнүп турат. Конституцияга каршы келерин, эл аралык стандарттарга, мыйзамга каршы келерин түшүнүп эле турат. Бул адам укугун чектей турган токтом. Ошого карабастан бул токтомду жокко чыгарууга кудурети жтепей турат.

Ал эми Марат Кайыпов шаардык кеңештин митингдерди чектеген токтомуна карата өзүнүн көз карашын төмөндөгүчө чечмеледи.

-Мен мындай деген бүтүмгө келдим. Бул Бишкек шаар кеңешинин токтому пикет уюштурам деген адамдарга, өзгөчө саясий маселелер боюнча митинг уюштурам дегендерге таандык. Демек ошол саясий маселелер боюнча пикет уюштурам дегендерге шарт гана түзүп берген десем, алар мени менен макул болушкан жок. Алар каалаган жерге барып маселени козгосо болот, кайсыл жер болсо дагы үнүбүздү бийликке жеткирүүгө акылуубуз дешти. Алар бул боюнча шаар бийлиги менен тартип коргоо кызматы такыр эле тыйуу салып салды, пикетке көчөгө чыккан адамдарды кармап кетип атышат, дешти. Менимче биздин укук коргоо органдары менен саясий нааразычылыкты жарыя кылган кишилер менен өз ара түшүнбөстүктөр болуп жатат деген жыйынтык чыгардым. Анткени Бишкек шаарынын мэриясы чыгарган токтом менен биздин укук коргоочулар жана укук коргоо органдарынын кыймылы таптакыр башка.

Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова болсо министр Кайыповдун пикирине макул эмес. Анын айтымында, Бишкек шаар кеңешинин тынч жыйындарды чектеген токтомуна таянып алып тартип коргоо органдары карапайым атуулдарды мыйзамсыз кармап, аларды коркутуп-үркүтүү ыкмасы менен акча алууну жаман өнөкөткө айлантып алышкан. Кыргызстанда убактылуу кармоочу жайларда жана кармап кайра бөлүштүрүү жайында атуулдарды мыйзамсыз камап, кыйноолорго жол берилип жатканы тууралуу Исмаилова БУУнун адам укугу боюнча комиссиясынын эки докладчысына бүгүн кайрылуу жолдошконун кошумчалады.

Ал эми Бишкек мэриясы менен шаардык ички иштер башкармалыгынын бүгүн тараткан маалыматына караганда, тартип коргоо органдары мыйзамдын чегинде иштеп жатышат. Ошондой эле маалыматта шаардагы кармап кайра бөлүштүрүү жайында 1980-жылдан бери оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөндүгү, буга 5 млн. сом каражат керектелери белгиленген.
Анда бейөкмөт уюмдар укук коргоо органдарын негизсиз сындоонун ордуна кайра бөлүштүрүүчү жайды оңдоого чет өлкөлөрдөн алган каражаттарынан бөлүшүп, көмөк көрсөтүшсө жөндүү болоору айтылган.

XS
SM
MD
LG