Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:29

БАРАК ОБАМА КЕННЕДИЛЕРДИН БАТАСЫН АЛДЫ


АКШ президенттигине талапкер Барак Обама 5-февралда болчу “супер шейшембинин” алдында өтө маанилүү чоң колдоо алды. Конгресстин өтө таасирлүү мүчөсү, демократ-сенатор Тед Кеннеди шайлоочуларды Барак Обама үчүн добуш берүүгө чакырды. Кеннедилер үй-бүлөсүнүн Обаманы колдоосу, аны менен үзөңгүлөш келаткан атаандашы-Хиллари Клинтондун Демократтык партиянын атынан президенттикке көрсөтүлүү мүмкүнчүлүгүн бир кыйла азайташы ыктымал.

47-жаштагы афро-америкалык Барак Обама дүйшөмбү күнү кеннедилер кланынан ак бата алды. Конгрессте “либерал-арстан” деген ат менен белгилүү өтө таасирлүү демократ-сенатор Тед Кеннеди Вашингтон федералдык округундагы кездешүүдө шайлоочуларды Обамага добуш берүүгө үндөдү. 76-жаштагы сенатордун сөзүнчө, Обама расалык жиктелүүгө жол бербестен кары–жашты жана либералдар менен консерваторлорду бириктире алды:

-Ал (Барак Обама) азыркы катаал учурда үмүт отун жандырды. Биз четте турбасак, Американы өзгөртчү толкун келди деп ишенем; Биз үмүт жээгине жетүүнү көздөсөк, өткөн бөлүнүүчүлүктөн чогуу чыгабыз жана Американын келечегин курууда өз ордубузду табабыз. Достор, өзгөрүүнү тайманбай тандоо үчүн тарыхый кербенге кошулууга чакырам. Кайрадан жаңы муундагы жетекчилердин мезгили келди. Азыр убакыт Барак Обама үчүн.

Тед Кеннеди Обаманы “жаңы муундагы жетекчи” деп атап, ал 1963-жылы атып өлтүрүлгөн президент агасы Жон Кеннеди сыяктуу Американы жаңы сереге алып чыгат деди.

Тед Кеннедини улай эле анын уулу, конгрессмен Патрик Кеннеди да демократ-шайлоочуларды Обаманы колдоого чакырды.

Обама өзү Тед Кеннедиден кийин сүйлөп, кеннедилер кланынын колдоосу ал үчүн өтө баалуу экенин белгиледи:

-Бүгүн мен бул жерде сиздерге таазим этип турам. Сиздердин колдооңуздардын баасын билем. Америка элинин жүрөгүндө Кеннедилердин үй-бүлөсү өзгөчө орунда турары мага белгилүү.

“The New York Times» гезитинин дүйшөмбү күнкү санында Жон Кеннединин кызы Каролинанын “Атама окшош президент” аталыштагы Обаманы жактаган макаласы да чыкты.

Кеннедилер бүлөсүнүн Обаманы колдоосу 5-февралдагы “чоң шейшемби” алдында өтө маанилүү. Бул күнү АКШнын 22 штатында Демократтар партиясы менен Республикачылар партиясы президенттикке талапкер өкүлү үчүн алдын ала добуш беришет. Кеннедилердин Обаманы колдоосу буга дейре аны менен теңме-тең келаткан атаандашы-сенатор Хиллари Клинтондун таразасын бир кыйла жеңилдетиши ыктымал.

Ошол эле күнү Обаманы дагы бир белгилүү америкалык, Нобель сыйылыгын лауреаты Тони Моррисон колдоп чыкты. Ынды кара акын Моррисон Обаманы “чынчыл, акылы тунук, чыгармачыл инсан” деп, ал президент болууга татыктуу экенин жаамы журтка жар салды.

XS
SM
MD
LG