Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:21

17:28 Жалалабат облусунда ВИЧ-СПИДке чалдыккандар көбөйүүдө


СПИДдин иммундук таңсыктык илдетин жуктургандардын саны облуста 141 адамга жетип, оорулуулардын катарына 2006-жылдан бери 47 адам жаңы кошулду. Вич илдетин энесинен жуктурган балдар да табылууда. Ооругандар көбүнчө Жалалабат, Майлуусуу, Ташкөмүр шаары жана Ноокен районунан катталышкан. Алардын 80 пайызга жакынын илдетти ийне аркылуу жуктуруп алган баңгиман кишилер. Калганы ооруну жыныстык жолдор менен жуктуруп алышкан. Вич илдетин андан ары жайылтпоо максатында “ТАИС+2” өңдүү бейөкмөттүк уюмдардын өкүлдөрү баңги жана секс кызматынын өкүлдөрү арасында иш жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн СПИД ВИЧ илдетине каршы күрөшүү боюнча облустук борбордун деректири Мамыт Исмаилов билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG