Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

НАТОдон колдоо болбосо Канада Ооганстандан аскерлерин чыгарарын АКШга эскертти


Эгер НАТО өлкөлөрү Ооганстанга кошумча күчтөрүн жөнөтпөсө, бул өлкөдөгү өз аскерлерин келерки жылы алып кетүүгө Канада даяр экенин АКШга билдирди. Ак үйдүн маалымат катчысы Тонни Фраттонун билдиргенине караганда, бул тууралуу Канада премьер- министри Стивен Харпер АКШ президенти Жорж Буш менен телефон сүйлөшүүсүндө айткан. Жорж Буш өз кезегинде АКШ Ооганстанга кошумча 3200 жоокери жөнөтөөрүн маалымдады. Ооганстандын эки жарым миң канадалык аскер турган түштүктөгү Кандагар аймагына НАТОнун кошумча күчтөрү жөнөтүлүш керектигин жакында Канаданын көз карандысыз комиссиясы айтып чыккан эле.

XS
SM
MD
LG