Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:35

17:01 Коопсуздук кеңештин аппараттык кеңешмесинде «Темир» ишканасынын жүгүндө радиоактивдүү заттын табылышы талкууланды


Талкууда бул иш боюнча тергөөнү Улуттук коопсуздук кызматы жүргүзүп жатканы жана ал аягына чыга электиги белгиленип, тергөөнү аягына чыгарууга жардам берүүгө бардык органдарга тапшырма берилди. Коопсуздук кеңештин аппараттык жыйынына Ички иштер министрлиги, УКМК, бажы, Өзгөчө кырдаалдар, Тышкы иштер министрлигинин, Чек ара кызматынын өкүлдөрү катышты. Жыйында мындай окуяларга мындан ары жол бербеш үчүн МАГАТЭге кайрылып, атайын жабдуу алуу жана аны менен темир жолу аркылуу келген жана кеткен жүктөрдү текшерип туруу сунушталды. Белгилүү болгондой, өткөн жылдын соңунда кыргыз темир жолу аркылуу Иранга жиберилген «Темир» ишканасынын жүгүндө радиоактивдүү зат Өзбекстан аймагында табылып, ал жүк Кыргызстанга кайтарылган.(AiT)

XS
SM
MD
LG