Бул тууралуу кечээ президент Курманбек Бакиев менен болгон жолугушууда миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу комитетинин башчысы Айгүл Рыскулова билдирди. Анын айтымында, кыргыз мигранттарынын отуз пайызга жакыны өндүрүш жана курулуш тармагында иштейт, ал эми 12 пайызы соода менен алектенет. Өткөн жылы Орусияда (балдарын кошпогондо) 235 миң кыргызстандык жарандар жашап жатканы аныкталган. (AiJu)