Франциянын коргонуу министри Эрв Морандын маалымдашынча, өкмөттүк аскерлер менен согушуп жаткан козголоңчулар баш калаа Н'Жаменага кирип келишти. Чадда Франциянын 2 миңдей аскери турат, ошол эле сандагы карапайым француз атуулдарына Париж бир жерге чогулуп, чукул эвакуацияга даяр турууга көрсөтмө берди.