Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

07:10 УТРК кызматкерлеринин ачкачылык акциясы уланууда


Мамлекеттик каналдын жетекчилигине нааразылык билдирген корпорациянын он бир кызматкери ачкачылык акциясын УТРК башчысынын мурдагы орун басары Бейшенбек Бекешовдун үйүндө улантууда. Ачкачылык кармагандар УТРКнын жетекчиси Мелис Эшимканов кызматтан кетмейинче нааразылык чарасын уланта беришээрин айтышууда. Бейшенбек Бекешовдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, ачкачылык кармагандардын кээ бирлеринин абалы начарлап, алардын саламаттыгына дарыгерлер көз салышууда. Ачкачылык акциясы өткөн бейшембиде башталган. Ошол эле күнү милиция аларды УТРК имаратынан күч менен чыгарып, алар ошондон бери нааразылык чарасын Бейшенбек Бекешовдун үйүндө улантууда. Ал эми УТРК жетекчилиги наарызылкка чыккандардын талаптары негизсиз экенин билдиришүүдө. Президентин басма-сөз катчысы Нурлан Шакиев бул маселе боюнча президент К. Бакиев кабардар экенин жана расмый бийликтин жообу бүгүн болушу мүмкүндүгүн “Азаттыкка” айтты.(MSu)

XS
SM
MD
LG