Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:08

ЖОК КЫЛЧУ ЖОМОК


“Аалам” гезити “Чудинов чудо жасай албайт окшоду”, “Бириң өлүп, бириң кал”,”Орустар менен казактар кантип сууга кожоюн болгусу келет”, “Де-факто” гезити “Эмики президент Урмат Барктабасов болобу?”, “Кыргыз туусу” гезити “Жазгы айдап-себүү да күздүктөй үзгүлтүккө учурабайбы же республикабыз канткенде өзүн-өзү буудай менен камсыз кыла алат?”, “Агым” гезити “Элди ойлогон депутаттар болсо, бюджет башкача бекимек”,"Cубаналиевдин Нарындагы сүйрүприздери”, “Сойкуканаларды айрым чиновниктер “крышовать” этишет” деген баштемалар менен жарык көрдү.

“Орун которуудан сумма өзгөрбөйт”, тытышса жеке ич күпчүлүктөрү бар экөө баштаган топ тытышып жатат, бул жагынан Бекешову да, Эшимканову да бири-биринен өтөт, асты бири-биринен кем калышпайт. Тытышса тытыша беришсин. Эки жактын чатагы бийлик үчүн күрөштөгү кадыресе көрүнүштөрдүн бири, элге анын кызыгы да, ысыгы да жок. Жылына казынадан 240 миллион сомду ашап турган телеканалды катардагы көрүүчүлөрдүн катышуусу менен талкууга коюш керек окшойт, кеп бу жолу калктын кайдыгерлигинде эмес, кеп кайдыгерлик менен укуктук нигилизмге түртүп жаткан “эшимкановчулук” менен “бекешовчулукта”, деп жазды “Аалам” гезитиндеги “Бириң өлүп, бириң кал!” аттуу макаласында белгилүү публицист Үсөн Касыбеков.

Ушул эле гезит экономист Сапар Орозбаковдун менчиктештирүүгө арналган макаласын окурмандарга сунуш кылды. Анда мындай деп айтылат. Азыр баягы анекдоттогудай “Кинг-Конг акам өзү билади” деген кырдаал түзүлуп турат. Мурда парламенттин президентке алы жетпесе да , ар кандай көз караштагы депутаттар чуу салып жатып, бийликтин айрым кара ниет, улуттун тагдырын ойлобогон каадамдарын кээде токтотуп калчу. Азыр парламенттин көбүн бийликтин сөзүн эки кылбаган “Ак жол” партиясы түзөт. Ал партия “хоп майлидан” башканы билбейт. Кыскасы, эми Камбар Ата ГЭСтери менен кошо “Бишкек ТЭЦи”, “Дастан”, “Кыргызгаз”, Ысык-Көлдөгү бир топ пансионаттар, айтор акча жыттанган ишканалардын баары сатылганы калды, алтургай жогорку окуу жайларына чейин. Жогорудагы объекттерди сатканга Акаев батыналбай койду эле, азыркы бийлик баарын дүңүнөн сатканы турат. Дүйнөдө кеңири тараган экономикалык жомоктордун бири-ишканаларды менчиктештирсек эле жыргап, гүлдөп, өсүп кетебиз деген түшүнүк. Мына ушул жомокко ишенип, бүт колдо болгонун менчикке берип, аны алгандар иштетмек тургай кайра талап-тоноп, сатып жок кылып, менчиктештирүү боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинде 1-орунда келаткан Кыргызстан өнүкмөк тургай өмгөктөп, дал ошол стратегиялык байлыктарын сатууга, менчиктештирүүгө салып бербеген өлкөлөрдө кыргыздардын тентип жүргөнү жалганбы деп жазды.

“Баарынан кызыгы УТРК жетекчилигине Мелис Эшимканов эмгиче бекий элек. Милдетин аткаруучу бойдон келатат. Президент эмнегедир аны толук кандуу жетекчи кылгандан кылчактап турат, Эшимкановдун президентке чын дилден кызмат кылып берейин деп катуу киришкени менен колу-буту байлануу. Көпчүлүк байкоочулар Эшимканов бийлик ордосуна аралашкан менен анын короосунда “чужой” бойдон калууда дешет. Бир саясатчы айткандай аны башкасы кечирсе да Жаныш Бакиев кечирбейт”, - деп жазды “Де-факто” гезити. Гезиттин ошондой эле өткөн жума күнү Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу 99-жылы Баткен коогалаңында барымтага түшүп калган 4 жапон жаранын куткарып калуу үчүн даярдалган 2,5 миллион долларды Болот Жанузаков менен Мисир Ашыркулов бөлүп алышкан деп айткан эле, ушул чынбы деп сураган суроосуна Жанузаков мырза “Калпычы Турсунбай Бакир уулун сотко берем” деген интервьюсу менен жооп берет.

“Агым” гезити башкы революционер, экс-депутат Азимбек Бекназаровго бийлик кылмыш ишин козгогону белгилүү болгонун, УТРКнын тазалыгын, жаңычылдыгын көздөгөн Эшимкановдун эрдигин баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев баалап, колдой турганын жашырбаганын, баткендиктер жердеши Султанбай Айжигитовдун ордуна губернатор болуп барган ноокендик Марат Жумабековду кабыл албай нааразылык акциясын баштаганы калганын, кыргыз маданиятынын кыргыз кыйырына таанымал кызматкерлери “Сахнада кубанабыз, сыртка чыксак думанабыз” аттуу маалымат жыйынын өткөрүшкөнүн, Бишкектин көчөлөрүндө 18 жаштан 30 жашка чейинки кыздар көз көрүнөө денелерин соодалап келатканын, алардын бир түндүк баасы 350-400 сомдон-800-1000 сомго чейин болорун, сойку болуп, өз денесин саткан кыздар Бишкекке көбүнчө Ош менен Ысык-Көлдөн келишерин, алардын ээн-элкин “иштешине” калканч болуп милийсалар өздөрү турарын, борбордо болжол менен 350 сойкукана иштээрин, эгер ушул таризде кете берсе Бишкек келечегинде жалаң сойкулардын шаарына айланып каларын кейиш менен баяндайт.

“Кыргыз туусу” гезити дыйканчылыкта агротехникалык эрежелер сакталбай, айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн илдеттерине каршы иштер жүргүзүлбөй акыркы 16 жылдан бери айдоо жеринин кайрымдуулгу төмөндөп кетти, кезинде суу баскан жерлерден 30 центерден дан бастырылып келсе, бүгүн ал 20 центенрге чейин түштү. Эгер жерди жетиштүү азык-зат менен бакпасак түшүм дагы төмөндөйт. Быйыл кыш катаал болгон менен адистердин пикирине караганда жаз эрте келет. 83-жылы жазгы талаа жумуштары Чүйдө 15-февралда башталыптыр, быйыл да ошондой болушу мүмкүн деген божомол бар, расмий маалыматтар боюнча азыр республикадагы айдоого жарактуу жерлердин 79 пайызы жеке менчик колдо, деп маалымдады.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG