Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:52

13:27 Кыргыз омбудсмени БУУнун адам укуктары боюнча өкүлү менен жолугушту


Омбудсмен Турсунбай Бакир уулу менен Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча өкүлү Оскар Ленердин жолугушуусунда бул эки структуранын кызматташтыгы, 2007-жылы Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу маселелер каралды, деп кабарлайт Омбудсмендин маалымат кызматы. Кыргыз омбудсмени өлкөдө саясий партиялардын ишин аткарып, өтө эле саясатташып кеткен гана бейөкмөт уюмдар менен кызматташуудан баш тартканын билдиргени айтылды. Ал эми Т.Бакир уулунун экинчи жолу бул кызматка шайлануу мүмкүнчүлүгү тууралуу суроого жооп берип жатып, парламентте анын жылдык доклады депутаттар тарабынан толук колдоого ээ болгону бир топ үмүт жаратканын билдирген. Жогорку Кеңеш Омбудсменди келерки аптада шайлашы керек. Азырынча омбудсмендикке кыргыз президенти Курманбек Бакиев укук коргоочу Турсунбек Акунду сунуштаган. (TD)

XS
SM
MD
LG