Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:11

Университеттер жеке менчикке өтө баштайбы? Студенттер арасындагы кызуу талкууланып жаткан мына ушул суроо “Азаттык+” сыналгы берүүсүнүн соңку чыгарылышында талкууланды.



Жогорку окуу жайларын акционерлештирүүгө 2003-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган билим берүү жөнүндөгү мыйзам жол берет. Азыр бул боюнча Билим берүү министирлигинде жумушчу топ иштеп жаткан кез. 2008-жылдын март айында окуу жайларды акционерлештирүү маселеси өкмөттүн жыйынында каралат. Жогорку окуу жайларды менчиктештирүү кандай негизде жүрүшү керек? Анын кесепеттери кандай болот? Бул суроолорго билим берүү тармагындагы эксперттер жана студенттер жооп беришкен.


Марат Жаанбаев, Чехиядагы Карл университетинин докторанты (Phd):

Европада ар кандай университеттер бар. Алардын баарына бирдей шарт түзүлгөн. Эң негизги талап – бул атаандаштык. Атаандаштыктан сапат келип чыгат. Атаандаштык болгондо мугалимдер арасында стимул пайда болот.

Жыл сайын ЖОЖдордун дүйнөлүк рейтинги чыгат. Мына ошол рейтингдин эң башында америкалык, европалык университеттер турат. Биздин кыргызстандык окуу жайлар андай рейтингге кирбейт. Демек, биз билим берүүнүн сапатын жогорулатышыбыз керек. Университеттерди жеке менчикке өткөрүп бериш керек. Макул, контролдоочу пакет мамлекетте болсун.

Камилла Шаршекеева, Дипломатиялык академиянын эл аралык мамилелер программасынын деканы, Борбор Азиядагы Америка университетинин мурдагы ректору:

Мамлекеттин акчасы бардык университеттерди каржылоого жетпейт. Ошондуктан кээ бир университеттерди айрым меценаттардын карамагына өткөрүп бериш керек. Балким медицина жаатында кызыкчылыгы бар бир адамга берип койсо, ал лабораторияларды каржылайт, жакшы изилдөөлөр жүрөт. Же бизде кыргыз Билл Гейтси бардыр. Аларга мүмкүнчүлүк бериш керек. Бирок бул жерде эки жаңылыш ойду байкадым. Биринчиден, азыркы окуу жайлардын имараттары эч качан жеке менчикке өтпөйт. Бул жаңылыш ой-пикир. Мисалы, биз Америка университетинин чатырын 250 миң долларга оңдогонбуз, бирок имарат дайыма мамлекеттики бойдон калат.

Экинчиден, жеке менчикке өткөн университеттерде эң башкы ролду Колдоочу кеңеш ойной баштайт. Колдоочу кеңешке мамлекеттин бир өкүлү, дагы бир топтун бир өкүлү кирет. Алар 5 жылга же 3 жылга дайындалат. Мына ошол Колдоочу кеңештин мүчөлөрү ректорду тандашат. Мына ошондуктан азыркы ректорлор бул тууралуу ойлонуп коюшса жакшы болмок.

Эмиль Каниметов, Арабаев атындагы университетинде илим бөлүмүнүн жетекчиси:

Менчиктештирүү менен акционерлештирүүнүн ортосундагы айырманы түшүнүү керек. Менчиктештирүү деген сөздөн азыр эл-журт коркуп калды. Мурдагыдай эле бир ууч адам мамлекеттин ырыскысын чачып салат деген коркунуч бар. Эгерде ЖОЖдорду акционерлештире турган болсок, контролдоочу пакет мамлекетте калыш керек. Бирок университет акционердик коомго айланса, ал өзүнүн уюштуруу, финансылык жана чарбалык иштерин автономдук түрдө жургүзүүгө укук алат.

Акционерлештирүү чыныда эле окуу жайлардын өсүп-өнүгүшүнө алып келеби? Буга кепилдик жок. Кандайдыр бир жеке ишкер ЖОЖду менчиктеп ала турган болсо, ал ишкер бардык максатын базар экономикасынын шарттарына тууралайт. Мисалы, борбордогу Арабаев университети жеке менчикке өтсө, студенттер шаардын четине көчүрүлүп, борбордогу имарат ресторандарга, соода борборлоруна айланышы мүмкүн. Бул чечим элдин тагдырына таасир тийгизет, ошондуктан талкууга бир гана эксперттер эмес, эл-журт өзү да катышышы керек.

Биз билим берүү системасына болгон көз карашты өзгөртүшүбүз керек. Биз бул суроону кызуу талкуулап жатып, эң негизги суроону унутуп калдык: эң башкысы биз азыркы заманга ылайык, илимдүү, билимдүү жаштарды тарбиялашыбыз керек.

Досаалы Иманбердиев, Кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетекчиси:

Университеттерди акционерлештирүүнүн механизмин тактоо максатында учурда Билим берүү министрлигинде жумушчу топ түзүлгөн. Бул жумушчу топ чече турган негизги маселе – кайсы окуу жайлардын акционердик коомго айланууга шарты бар. Себеби дегенде мамлекеттин жардамы азыр ар бир окуу жайда 10 пайыздан 25 пайызга чейин эле. Калган акчалар студенттер төлөгөн котракттык акчалар.



Кыргызбай Добаев, педагогика илимдеринин доктору, профессор:

Жогорку окуу жайларын мамлекеттин кармагынан чыгарууда этияттык керек. Менчиктештириш үчүн нормативдик-укуктук документтерди даярдоо талап кылынат. Кантип, кайсы ыкма менен менчиктештирүү керек? Бул суроолого так жооп жок. Учурда Кыргызстандагы билим берүү тармагында азыр жогорку окуу жайларын менчиктештирүү боюнча тажрыйба жок. Чоң-чоң университеттерди жеке менчикке өткөрүп берүү азырынча эрте.




Рыспек Калиев
, Кыргыз Мамлекеттик Медициналык академиянын проректору:

Терең түптөлгөн, кыргыз элинин сыймыгы болгон жогорку окуу жайлар бар. Алар мамлекеттин карамагында калышы керек. Эң негизги тармактардын бири – медицина. КММАны да менчиктештирүүгө болбойт. Бул окуу жай - жалпы элибиздин байлыгы. Аны бир топтун кызыкчылыгына берип салуу жарабайт.



Абдрахман Мавлянов, Бишкек шаардык финансы жана экономика академиясынын ректору:

Кыргызстанда 210 миңдей студент билим алат. Алардын 88 пайызы контракттык системада окуйт. Ошондо мамлекет каржылоосу окуу жайлардын бюджетинин 12 пайызын гана түзөт. Өзүнөн-өзү бир суроо туулат да: 15 жылдын ичинде бир мамлекеттик окуу жай бир корпус курдубу, же бир жатакана курдубу?

Акционерлештирүүнүн максаты – инвесторду табуу. Базар шартында жеке менчикке өткөрүп берүүнүн механизмдери ойлоп табылган. Контролдоочу пакет мамлекеттин колунда калат.

Мен азыр мамлекеттик эмес окуу жайын башкарып турам. Биз дагы акционерлештирүүгө барабыз. Азыр бизге инвестиция керек, контракттын акчасына жаңы имараттарды, жаңы лабораторияларды кура албайбыз. Акциялардын 51 пайызы өзүбүздө калса, 49 пайызын меценаттар алышсын. Балким мамлекеттин карамагында 10-15 университет калат. Калганын колунда бар адамдарга бериш керек. Улуттук университет, педагогикалык бир университет, Медициналык академия калыш керек.

Төлөбек Абдрахманов, Арабаев атындагы университетинин гуманитардык билим берүү институтунун жетекчиси:

15 жылдан бери мамлекет элди алдап келе жатат. Бул алдамчылыкты токтотуш керек. Кыргызстандык окуу жайларда жылына 1 миллиардка жакын акча болот. Ошонун 80 пайызы – элдин акчасы. Мамлекет аны алып туруп, мамлекеттик окуу жайларда пайдаланып жатат.

Андан тышкары акционердик коомдун эки түрү бар: ачык жана жабык. Мисалы Казакстан жабык түрүнөн баштап, анын ачыкка айланткан. Себеби жабык акционердик коомго инвесторлор келбей калат. Ал эми биздин университеттер мында ары ата-энелер төлөгөн контракттык акчага жашай алышпайт. Эми ири инвесторлордун, банктардын акчалары керек. Ал эми менчик - коомдун кыймылдаткыч күчү. Кыргызстандык экономикасынын 90 пайызы менчик да. ЖОЖдор да менчикке өтүш керек. Биздин студенттер жылына 5 миң сом төлөп билим алып кала беришет. Бирок арзанына кызыгып, билимдин сапаты түшүп жатпайбы. Биздин эң мыкты профессорлор каякка кетти? Түрктөрдүн университетине кетти, орус-славян университетине кетти, кетип жатышат, башкалар да кетет.


Бакыт Осмонканов
, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти:

Университетти жеке менчигине өткөрүп алган кандайдыр бир миллионер пайда көрүүнү гана көздөйт. Таланттуу, бирок акчасы жок балдар тууралуу ким ойлонот?





Айбек Саипов, Кыргыз мамлекеттик архитектура жана транспорт университетинин студенти:

Мен бул жараянга каршымын. Билим берүү системасынын эң башкы максаты – кадрларды даярдоо да. Ал эми азыр мамлекеттин ушул боюнча бир так долбоору же стратегиясы жок экендиги айкын көрүнүп калды. Эгерде мамлекет кай бир жогорку окуу жайды жеке менчикке өткөрүп бере турган болсо, баары бир мамлекет тарабынан бир контролдоочу орган түзүлүшү зарыл. Бирок баары бир биздин альмаматерлерге жеке бир адамдын, же башка мамлекеттин инвестициялары келет да. Анан ошол мамлекеттин, же бир жеке ишкердин кызыкчылыгын көздөп калбайбызбы? Мамлекет бул жерде өзүнүн алсыздыгын көрсөтүп жатат. Дагы бир суроо: контракттын баасы жогоруласа, кедей үйбүлөдөн чыккан акылдуу балдар эмне кылышат?


Мирбек Токтагараев, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти:

Коомдо болуп жаткан өзгөрүүлөрдү биздин университеттер кууп жете албай жатышат. Аларды толугу менен жеке менчикке өткөрүш керек. Менин оюмча контрактын баасы өтө деле жогорулабайт. Себеби университеттер арасында атаандаштык пайда болот да. Кимде эң жакшы компьютерлер, кимде эң жакшы мугалимдер, кимде эң жакшы китепканалар? Мен ошол окуу жайына барам да.
XS
SM
MD
LG