Аталган көргөзмө бүгүн саат 16:00дө Г.Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде ачылат. Бул тууралуу музейдин илимий катчысы Эльнура Өмүралиева “Азаттыкка” маалымдады. Көргөзмөнү Польша Республикасынын Бишкектеги элчилиги жана Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейи уюштурууда. Көрүүчүлөргө жыйырмага чукул авторлордун эмгектери сунушталат. (ESu)