Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:58

16:29 Кыргызстан азык-түлүк бааларынын өсүшүнө даяр болушу керек


Бул тууралуу өкмөт башчы Игорь Чудинов бүгүнкү маалымат жыйынында билдирип, дүйнөлүк экономикадагы тенденция азык-түлүк бааларынын өсүүсү уланаарын көрсөтүп жатканын кошумчалады. Анын айтымында, быйыл өлкөдө дан эгиндеринин аянты 50 миң гектарга кенейтилет. Ошондой эле Казакстандан 50 миң тонна буудай сатылып алынат. Мындан сырткары жергиликтүү дыйкандар өндүргөн түшүмдү сатып алуу боюнча өкмөт атайын структура түзүүнү караштырууда. Өкмөт башчы азык түлүк коопсуздугу боюнча атайын мыйзам иштелип чыгып, бул маселе ошол мыйзамга ылайык тейленээрин да кошумчалады. (SM)

XS
SM
MD
LG