Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:57

ИРАНДА АРАКЕЧ ЖИГИТТИ СОТ ӨЛҮМ ЖАЗАСЫНА ӨКҮМ КЫЛДЫ


Иран соту төрт ирет мас абалында кармалды деп 22 жаштагы жигитти өлүм жазасына өкүм кылды. Өлкөдөгү мыйзам үч жолку эскертүүдөн кийин деле алкоголдук ичимдик ичип алгандарга ушундай катаал чара көрүүгө жол берет.

Иран маалымат каражаттарынын кабарлашынча, Мохсен аттуу жигитти Иран соту «аракеч» деп таап, өлүм жазасына өкүм кылды. Тегерандын экинчи соту азыр бул чечимди күчүндө калтырыш керекпи же жокпу деген маселени кароодо. Мохсендин бул чечимге каршы арызын бергенге 20 күндүк мөөнөтү бар.

Иран исламдык өлкө. Андыктан өлкөнүн мыйзамы шариятка негизделген. Ирандык мыйзамга ылайык үч жолку эскертүүлөргө карабай төртүнчү ирет арак же башка ичимдик ичкен адамга эң катаал чара көрсө болот. Башкача айтканда, ичимдик андай кишинин өмүрүнө турат.

Ал эми алгачкы жолу «кылт» эттирип алгандарга карата сексен ирет балактоо, акчалай жаза же кыска мөөнөткө эркинен ажыратуу чаралары каралган. Бирок Мохсендей болуп төртүнчү ирет кармалгандар аеосуз жазаланат.

1979-жылдагы Ислам ыңкылабынан кийин Иранда алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө тыюу салынган.

Мухаммед Али Дадха – Ирандагы көз карандысыз адвокаттар коомунун өкүлү.

Ал адамды ичип алганы үчүн эле өлүм жазасына тартуу Ирандын эл аралык коомчулук алдында алган милдеттенмелерине каршы келет дейт. Анткени Иран БУУнун адам укуктары боюнча декларациясына кол койгон өлкө .

«Ирандын атуулдук кодекси азыркы заманыбыздын көптөгөн асыл-нарктарын жана укуктук эрежелерин өзүнө камтыйт. Ошондуктан Ирандын атуулдук кодексинин 9-беренесине негизденип, биз дал ушул эл аралык макулдашуулар жана келишимдер ички мыйзамдын бир бөлүгү деп эсептей алабыз. Буларды этибар албай коюуга мүмкүн эмес. Ушул өңүттөн алганда, алкоголдук ичимдик ичкени үчүн эле дарга асуу өкүмү суроо жаратпай койбойт».

Чектөөлөргө жана жазага тартылуу коркунучуна карабай ирандыктардын көбү кези келгенде «кылт эттирип» эле коюшат. Иран бийликтери өлкөдө спирт ичимдиктерин ичүү көбөйүп жатканын айтып, жылына ирандыктар бир миллион литрге жакын алкогол ичээрин аныкташкан. Иранда алкоголдук ичимдиктерди көмүскө базарларда сатып алуу оңой эле.


Анткен менен Иранда жергиликтүү армян өңдүү христиан динин тутунган азчылыктарга ичимдик ичүүгө уруксаат берилет. Бирок алар шарапты мусулмандарга акаарат келтирбегидей далдоо жайларда ичиши керек.

Иран адам укугу жаатында Батыш өлкөлөрү жана эл аралык укук коргоочулар тарабынан кескин сынга алынып келет.

Өлкөдө адам өлтүрүү, зордуктоо, жубайынын көзүнө чөп салуу, баңгизаттарды сатуу үчүн өлүм жазасы каралган.

Бирок ичимдик ичип кармалгандарды өлүм жазасына тартуу дээрлик сейрек учурайт.

Эл аралык мунапыс укук коргоо уюумунун билдирүүсүнө ылайык, Карим Фахими аттуу теги күрд киши 2005-жылы Ирандын батышындагы Сердашт шаарында үч жолку эскертүүдөн кийин да арак ичти деп өлүм жазасына өкүм кылынган.

Бирок бул өкүм иш жүзүнө ашкан - ашпаганы тууралуу маалымат жок.

Элен Куленбекова, Прага

XS
SM
MD
LG