Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:52

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДА ЖООЛУК САЛЫНУУГА ЖОЛ АЧЫЛДЫ


Ишемби күнү Түркиянын парламенти өлкөнүн башкы мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү аркылуу жогорку окуу жайларында кыз-келиндердин жоолук тагынуусуна жол ачты. Бул окуя батыштык басылмаларда кеңири резонансты пайда кылды.

Washington Post гезити ишемби күнкү добушка коюларда башкаруудагы Адилет жана Өнүгүү Партиясы үчүн чоң жеңиш катары баалап, “мусулман ааламындагы эң эле чечкиндүү лайик өлкө саналган Түркияда парламент исламчылдыктын таасирине моюн сунуп, жоолукка болгон тыюуну алып салды” деген пикирин билдирген. New York Times болсо, “парламент бул кадамы аркылуу, өлкөнүн лайик-секулярдуу элиталык катмары менен тирешүүнүн финалдык актысын баштап койду” деп комментарийлеп, “бул токтом жүрүп олтуруп бизге «Хезболла» террорчулугун, «Ал Каеда» террорчулугун жана фундаментализмди алып келет, бул токтом аялдарды эркиндештирмек турсун, аларга кошумча түйшүктөрдү жана кысымдарды туудурат” деп айткан оппозициядагы партиянын өкүлү Несрин Байток айымдын сөздөрүнө орун берген.

“Көптөгөн секулярист түрктөр, парламентти, премьер-министирликти жана президенттик сарайды көзөмөлү астына алган өкүмөт башчысы Режеп Таййип Эрдоган өлкөгө өзүнүн консерватор принциптерин таңуулашынан чочулайт” деп бышыктаган NYT, “теорияда муну аялдардын башын жамынуу укугу деп бетке кармашты, бирок иш жүзүндө бул жүрүп олтуруп, башын ачып жүрүүгө салынчу тыюуга айланат” деген мурдагы адилет министи Хикмет Сами Түрк мырзанын айткандарына да шилтеме берген.

Испаниянын ири басылмаларынан El Pais болсо “Исламчыл өкүмөт лайик мамлекеттин бир түркүгүн жок кылды” деп жазса, Париждин Le Monde гезити президент Абдуллах Гүл парламенттин бул токтомун дароо жактырып чыгуусу күтүлөрүн белгилеп, “парламенттеги азчылыктагы лайик секуляристтер көчөлөрдө ири митингилерди уюштурушканын, ататүркчүлөр менен Ак Партия ортосундагы бул жаңы эрегиште армия жымжырттыгын сактап калганын билдирет.

Францияда Le Figaro дагы Түркиянын парламенти тарыхый мааниге ээ олтурумунда турбандын жолу ачылып жаткан кезде Анкарада жүз миңдеген адамдар турбанга каршы митинг өткөрүшкөнүнө көңүл бурган. Германиянын Die Welt гезити дагы бул чечимди тарыхый бир токтом катары мүнөздөп, бул Түркиянын лайик мамлекеттик системасынын пайдубалын солкултатышы ажеп эмес деген пикир билдирет.

Los Angeles Times Түркиядагы окуяларды “депутаттар лайик-секулярдуу элитаны эрөөлгө чакырышты, бул сот бийлигине жана армияга көзөмөл кылып келген лайиктер менен кийинки жылдарда ири саясий күчкө ээ болгон исламчыл түрктөрдүн ортосундагы ири таймаш” деп мүнөздөгөн.
XS
SM
MD
LG