Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:09

ӨЗГӨНДӨ ОКУУЧУЛАРДЫ АЗГЫРГАН ХИЗБУТЧУ КАРМАЛДЫ


Милиция тарабынан Өзгөн шаарында окуучулар арасында “Хизбут-Тахрир” партиясына үгүттөгөн материалдарды жайылткан 21 жаштагы Абдилмухтар Хусанов кармалып, үстүнөн кылмыш иши козголду. Бирок сот аны камоого санкция берген жок. Орган өкүлдөрү жаш жигитти диний кастыкты козутууга аракеттенген деп айыпташса, шектелүүчү «билбегендиктен жасалган иш» деп актанууда.

Өзгөн шаарындагы «Пиранья» компьютердик клубунан “Хизбут-Тахрирге” кошулууга үндөгөн мазмундагы материалдарды камтыган 2 компьютер, 4 видеотасма, 81 диск, 14 баракча табылды. Бул туурасында «Азаттыкка» кабарлаган Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын биринчи орун басары Башкур Абдыкалыков окуяга түздөн-түз тиешеси бар Абдулмухтар Хусановду кармашкандыгын, бирок сот аны камоого санкция бербей койгондугун билдирди. Мындан сырткары аймакта 114 киши милициянын эсебинде турарын, алардын ичинде 101 хизбут-тахрирчи, 28 вахаббист, Өзбекстан ислам кыймылынын 15 мүчөсү бар.

21 жаштагы шектелүүчү Абдулмухтар Хусанов «Пиранья» клубунун ээси Абдулазиз бир тууганы экендигин, программа жана материалдар кыргызча болгондуктан, компьютерлерге билбей орнотуп алгандыгын, эч кандай диний кастыкты козутуу максаты болбогондугун билдирди.

- Чындыгында, материалдарды окубапмын. Тексттери жалаң кыргызча болчу. Башында Орозо туурасында маалыматты угуп, жакшылыкка жоруп, шек санаган эмесмин. Анын үстүнө бизге окуучулар абдан көп келгендиктен, аларга пайдасы тиеби деген илгери үмүттө компьютерлерге орнотуп койгом, - деди Абдулмухтар Хусанов.

«Хизбут Тахрир» өңдөнгөн диний агымдардын окуучулар арасында үгүт кылып жатканына Өзгөн шаардык агартуу бөлүмүнүн башчысы Илхом Абылкасымов да кабатыр:

- Албетте, дин мамлекеттен бөлүнсө да, мектепке таасири улам күчөп баратат. Себеби балдар мечиттерге каттап калышты. Ар кандай чоң-кичине диний иш-чараларга активдүү катышууда. Мунун бааары бирдиктүү идеологиябыздын жоктугунан болуп жатат. Ошондуктан Өкмөт зарыл кадамдарды жасоого тийиш, - деп эсептейт Илхом Абылкасымов.

Ал эми жергиликтүү эксперттердин баамында, мыйзамдардын борпоңдугу, жаза мөөнөтүнүн таптакыр жоктугу, акчалай айыптын аздыгы хизбут-тахрирчилердин гана эмес, башка диний-экстремисттик уюмдардын көбөйүшүнө да ыңгайлуу шарт түзүүдө.
XS
SM
MD
LG