Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:58

Кыргызстандын акыйкатчысын шайлоо маселесин Жогорку Кеңеш 14-февралда караганы жатат. Буга байланыштуу бүгүн Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук комитети акыйкатчылык кызматка сунушталган беш талапкерди карап, парламентке сунуш кылды. Комитет ошондой эле талапкерлердин мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү деңгээлин текшерүү максатында сынак жүргүзүү тууралуу акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун сунушун колдогон жок.

Беш талапкердин ичинен Жогорку Кеңешке азыркы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулун өзү жетектеген «ЭрК» партиясы, укук коргоочулар Бүбайша Арстанбекованы «Акыйкат жолу» коомдук бирикмеси, Турсунбек Акунду президент Курманбек Бакиев, Каныбек Абдыкадыровду Калкты социалдык колдоо коомдук бирикмеси, Салима Шарипованы жазуучулардын жана журналисттердин «Таазим» ассоциациясы сунуш кылышкан. Талапкерлердин ичинен Салима Шарипова жүйөөлүү себеп менен отурумга келбей калгандыктан, комитет анын талапкердигин калгандары менен бир катарда карап, жактырды. Сөз алган талапкерлердин бири Бүбайша Арстанбекова талапкер болууга макулдук берүү себебин төмөнкүдөй негиздеди:

- Мен өз талапкердигимди америкалык бир улуу окумуштуунун айткан улуу сөзүнө байланыштыргым келет. Анда «Эгерде сен өз өлкөңдүн душманы болсоң өзүңдүн колуңдан келе турган кызматыңды аткарбай, өлкөдө болуп жаткан кемчиликтер менен жетишкендиктерге көз жуумп, макул болуп отура бергендигиң эле чоң душмандык» деп айтылат.

Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу комитетке талапкерлердин орус, кыргыз тилдерин билүү деңгээлин текшерүү сунушу менен кайрылып, муну «Акыйкатчы жөнүндөгү» мыйзамдын талабы экендиги менен негиздеди:

- Мыйзамга ылайык талапкер мамлекеттик, расмий тилди милдеттүү билиши керек. Анткени, каттардын 55% мамлекеттик, 43%и расмий тилде, калгандары башка тилдерде келет. Ошондуктан, Акыйкатчы жөнүндөгү мыйзамдын тил билүү тууралуу жобосунун кандай аткарыларын билгим келет. Бул жерде шайланган акыйкатчынын эле эмес, ага даттанып, арызданып кайрылган адамдын да тагдыры турат. Андан да маанилүүсү башка мамлекеттер, эл аралык уюмдар, жарандык коом жана чет өлкөлүк кесиптештер менен ишкер мамиле түзүү керек болот.

Турсунбай Бакир уулунун сунушу комитетте колдоо тапкан жок. Ириде бул сунушка комитет төрагасы Зайнидин Курманов каршы болуп, Кыргызстанда президенттен башка кызматка сунушталгандар үчүн сынак жүргүзүлбөстүгүн эскертти:

- Мен жеке өзүм мындай мыйзам долбооруна каршымын. Албетте, сырттан караганда, бул кызыктуу көрүнөт. Бирок мен мисал келтирип коеюн, Жогорку Кеңештин спикерине да, премьер-министрге да, Конституциялык Сотко, Жогорку Сотко мындай талаптар бар. Бирок алар үчүн сынак жүргүзүлбөйт.

Депутат Зайнидин Курмановдун баамында акыйкатчы үчүн башкы сапат - калыстык, нарктуулук. Комитеттин мындай чечимин «Азаттыкка» берген интервьюсунда Турсунбек Акун да кубаттады:

- Комитет туура чечим кабыл алды деп ойлойм. Зайнидин Курманов айткандай, чыныгы акыйкатчы болуу үчүн чоң жүрөк керек. Элди сүйгөн чоң жүрөк керек. Тил билүү эң башкы максаттардын бири эмес.

Турсунбай Бакир уулу орус, кыргыз тилдерин билүү деңгээлин текшерүү сунушун буга чейин фракцияларга жана төрага Адахан Мадумаровго да жолдогон. Парламент жаңы акыйкатчыны шайлоого байланышкан маселени бейшемби күнкү жалпы отурумда карары кабарланды.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG