Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:25

8:15 Улуттук телерадикомпаниядагы чатакташкан тараптар орток пикирге келди


Бул тууралуу комиссиянын төрагасы маданият жана маалымат министри Султан Раевдин билдирди. Анын айтымында, макулдашууга ылайык ачкачылык кармагандар акциясын токтотуп, УТРКкада ишин улантышат. Ал эми УТРКнын жетекчилигине аларды жумушка орноштурат. «Маселе мына ушундай жол менен чечилди»,-деп белгиледи Султан Раев. Ачкачылык акция кармагандардын өкүлү Бейшенбек Бекешовдун билдирүүсүнө караганда, бүгүн УТРК башчысы Мелис Эшимканов менен дагы бир жолугушуу болот. Мына ошондо маселеге чекит коюулушу мүмкүн. Ага чейин 11 киши акциясын токтотпойт, деп белгиледи Бекешов. Ондун тегерегиндеги УТРКнын журналисттери УТРК башчысы Мелис Эшимкановдун кызматтан кетүүсүн талап кылып, 31-январдан бери ачкачылык акциясын кармап келишет.(AiT)

XS
SM
MD
LG