Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:04

М. КОНГАНТИЕВ САИПОВДУН ӨЛҮМҮН ИЛИКТӨӨНҮ ЖЕКЕ КӨЗӨМӨЛҮНӨ АЛМАЙ БОЛДУ


Өткөн жылы күздө киши колдуу болуп көз жумган журналист Алишер Саиповдун өлүмүн ички иштер министри Молдомуса Конгантиев өзү көзөмөлгө алып тергетмей болду. Министр бул тууралуу маалымат жыйынында жарыя кылып, мурун мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу токтоп калган иликтөөнү жандантууга убада берди. Анын жыйынтыгы кандай болот?

Жыйырма алты жашында бирөөнүн огунан бейкүнөө кеткен Алишер Саипов Кыргызстан, Өзбекстан гана эмес эл аралык уюмдарга да таанымал журналист болгону менен анын көзүн ким тазалаганы үч айдан бери табылбай келет.

Ички иштер министрлиги катышы бар деп шекшиген эки адам изин таптырбай кеткендиктен тергөө убактылуу токтогон болчу. Министрлик кызматка жаңыдан киришкен Молдомуса Конгантиевдин шейшемби күнү:

- Бул ишти кайра жандантабыз. Эң биринчи кезекте аны ачышыбыз керек. Эгер аны ачпасак ал биздин беделибизди көтөрбөйт. Мен бул иш менин катуу көзөмөлүмдө болот жана аны ачууга бардык күчүмдү жумшайм деп убада берем.,- деп берген убадасы журналисттер коомчулугунда тергөөгө жарык салаар деген үмүттү пайда кылды.

Бирок, элдин аң-сезимин калчаган журналисттерди сабап, жадагалса өлтүрүп жаткан адамдардын табылбаганы коомдо журналисттерге, дегеле массалык маалымат таратуу тармагына кайдыгерликти пайда кылабы деген түкшүмөлдү күчөткөн. Ушундан улам “Журналист” коомдук бирикмесининин төрагасы Марат Токоев кылмыштын бетинин ачылышына күмөн экендигин билдирип, анын себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Ушуга окшогон окуялар Орусияда да көп болгон. Өзүңөр билесиңер, Влад Листьевди атып кетишкен. Андан кийин Анна Политковскаяны өлтүрүшкөн. Алар боюнча иликтөө иштери дагы эле жүрүп жатат,бирок, буйрук берген адамдардын аттары ата элек. Мурдагы советтик өлкөлөр болгондон кийин бул мамлекеттерге көп жагынан окшошпуз да. Ошон үчүн атып кеткендердин аты аталарына күмөнүм бар.

Кыргызстандын тартип коргоо органдарына Алишер Саиповду ким жана эмне себептен өлтүрүлгөндүгү ачык тергелип, ачылсын деген талап коюп келаткан укук коргоочу Төлөкан Исмаилова министр убадасынын өтөөсүнө чыгат деген үмүттө.

Анын айтымында, эгер Кыргызстандын жараны болгон Саиповдун өлүмүнүн бетин ача албаса Кыргызстандын жалпы жарандарынын коопсуздугуна шек келет. Анткени, журналист өлтүрүлөөр замат эле анын көзүн тазалоонун бир себеби Саиповдун Өзбекстандын бийлигине карата саясий көз карашы менен аракети менен байланыштуу деген божомол айтылган дейт Төлөкан Исмаилова:

- Алишер Саипов жөн гана журналист эмес саясатчы катары иштеп калган болчу. Өзү чыгарган “Сиесат” деген гезити жалпы Фергана өрөөнүндөгү элге сиңген эле. Ошол иши менен ал президент Каримов жетектеген Өзбекстанга жакшы келечекти алып келмек. Ошон үчүн Алишер Саиповдун өлүмү саясий буйрук менен жасалган өлүм. Эгерде Кыргызстан муну териштирип, ачык айтпаса, анда алсыздыгыбызды көрсөтөбүз. Анткени, биздин жарандарыбызды кайсы бир мамлекеттердин чекисттери келип кааласа өлтүрө берет экен деген ойдо калабыз. Бүгүн Алишер Саиповду өлтүрсө, эртең дагы бир жаранды өлтүрсө эл аралык аброюбуз сөзсүз түрдө түшөт. Бул Алишер Саиповдун өлүмүнүн артында сөз эркиндиги жана башка саясий баалуулуктар турат.

Чынында Өзбекстандагы “Эрк” партиясынын азыр Түркияда жүргөн төрагасы Мухамед Салих “Азаттык” жана “Эркин Европа” радиосунун өзбек кызматына берген интервьюсунда:

-Бир нече ай мурун Өбекстандын коопсуздук кызматынын адамдары Саиповду коркутуп жүргөнүн укканым бар. Ага Алишердин Өзбекстандагы саясатка каршы көз карашы себеп. Муну Каримовдун жалданма киши өлтүргүчтөрү жасады. Эгер буга Кыргызстандын өкмөтү көз жуумп кое турган болсо, анда ошол жалданма кызматка кошумча болгон болот. ,- деп, буйрук бергендер аныкталбаса Кыргызстандын эл аралык беделине көлөкө түшөрүн билдирген эле.

Бирок, Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармасынын ошол кездеги башчысы, азыр министрдин биринчи орун басары Мелис Турганбаев:

- Бул божомолду да эске алып жатабыз. Бирок, атайын кызматтарда мындай расмий маалымат жок.,- деп четке каккан болчу.

Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев да шейшемби күнү санаган божомолдордун арасында ушундай маалымат бар экендигин айткан жок.

XS
SM
MD
LG