Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫ БИР ЧАТЫРДЫН АСТЫНА КИРЕБИ?


Кыргызстандын бийлиги өлкөдөгү бардык маалымат каражаттарын бир маалымат мейкиндигине топтоп, анда өз кызыкчылыгын гана чагылдырууга аракет кылып жатат деген көз караш пайда болду. Көпчүлүктүн оюнда жүргөн мындай бүтүм 13-февралда Бишкектеги пресс-клубда өткөн “Көзөмөлдүн чеги: ММК менен мамлекеттин ортосунда диалог мүмкүнбү?” деген тегерек үстөл айланасындагы талкууда айтылды. Мындай пикирдин айтылышына кандай негиз бар жана аны токтотууга күч жетеби?

Тегерек үстөл талкуусунда бийлик бардык маалымат каражаттарын бир маалымат мейкиндигине топтоп, өзүнүн гана кызыкчылыгын чагылдырууга жан далбастай баштады деген ойду Медиа өкүл институтунун директору Илим Карыпбеков билдирди. Анын айтымында, бул жалпы өлкө келечегине доо кетире турган кооптуу көрүнүш:

- Себеби азыр республикалык масштабдагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын баары өзүлөрүнүн ээлерин алмаштырды. Ошол ээлерин изилдеп келгенде юридикалык жактан бир адам ээлеп алды деп айтыш кыйын. Анткени ал жерде келесоо адамдар отурушкан жери жок. Алар жакындарына жаздырып туруп, бүт жалпыга маалымдоо каражаттарын алып алышты. Акыркы мисалдардын бири “Агым” гезити. Ээси алмашкандан бери таптакыр эле бийликтин көз карашын көздөп калган гезит болду. Акыркы күндөрү толук бейтарап болбосо дагы анча-мынча бейтарап маалымат алууга мүмкүнчүлүк берген НБТ телеканалы болчу. Анын ээлерин да коркутуп-үркүтүп, канал 2-3-күн иштебей туруп, анан бийликтин адамдарынын шартына макул болгондон кийин иштей баштады. Албетте, мунун баарын юридикалык жактан далилдеш абдан кыйын. Бирок мунун баары көрүнүктүү эле болуп турат. Ошонун негизинде биз монополия түзулүп жатат деп айтсак болот.

Илим Карыпбековдун баамында, Кыргызстанда электрондук жана басма маалымат каражаттарынын баары бийликтин катуу көзөмөлүндө калды. Бийликтин көзөмөлүнөн азырынча интернеттеги сайттар гана сыртта турат. Бирок ал дагы узакка созулбай, бийлик ушул жыл аягына чейин цуи-сайттарды жөнгө салуучу мыйзамды кабыл алууга барарын баса белгиледи.

“Журналист” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоевдин пикиринде, жалпыга маалымдоо каражаттарын мындай кырдаалга алып келген башкы себеп – журналисттик тилектештиктин жоктугу жана жалпы коомчулуктун кайдыгерлиги:

-Маалымдоо каражаттарынын ортосунда өнөктөштүк менен шериктештик көп деле байкалбайт. Алишер Саиповду атып кеткенде гана журналисттердин ортосунда тилектештик бар экендиги бир жолу көрүндү. Бирок бир гезитти жаап салганда же дагы бир гезитти кысымга алып жатышканда башка журналисттер же массалык маалымат каражаттарынын аларга кошулуп, коргоого чыкканы байкалган жери жок.

Ушундан улам медиа тармагында иш жүргүзгөн коомдук уюмдар менен эл аралык донорлор 8-февралда жыйын куруп, Кыргызстандагы маалымат каражаттары менен алардын өкүлдөрүнүн кесиптик даярдыгы менен укуктук билимин жогорулатуу үчүн бир канча долбоорду ишке ашыруу аракетин көрүп жатабыз дейт Марат Токоев.

Массалык маалымат каражаттарына каршы доо арыздарды териштире турган комиссиянын мүчөсү Александр Кулинский болсо, маалымдоо каражаттарынын бийликтин көзүн карап, өз добушун басууга мажбур болуусуна журналисттердин кесиптик этика менен жоопкерчиликти сактабагандыгы башкы өбөлгө деген ойдо.

Бирок бийлик оппозициячыл күчтөр жазында нааразылык акцияларды өткөрүшү мүмкүн деген божомолдон улам, алды менен маалымдоо каражаттарын ооздуктоого аракет көрүп, бир канча мыйзам долбоорлорун даярдап жаткандыгын да баса белгиледи.

Ал эми Маданият жана маалымат министри Султан Раев көз карандысыз журналисттик уюм өкүлдөрүнүн мындай билдирүүлөрүн негизсиз деп, четке какты:

-Албетте, бул айтылган сөздөрдүн бардыгы чындыкка туура келбейт. Кыргызстандын Баш мыйзамында басма сөз эркин деп жазылган. Кыргыз демократиясынын эң негизги жетишкендиги бул - сөз эркиндиги. Сөз эркиндигин мындан ары өркүндөтүшүбүз керек. Журналисттердин кесиптик мүмкүнчүлүгү менен статусун бекемдешибиз керек. Анткени, сөз эркиндигиз биз демократиялык коомду түзө албайбыз. Ошондуктан бийликтин басма сөздү басынтып, кандайдыр бир деңгээлде цензураны кайрадан тургузам деген эч кандай ою жок.

Султан Раевдин айтымында, өкмөт азыр журналисттин макамы менен аны коопсуздугун камсыз кылууга багытталган мыйзамдарды кабыл алуу максаты бар. Бирок интернет-баракчаларды көзөмөлдөө деген ой али козголо элек дейт:

- Таптакыр ойго келбеген нерсе. КМШ мамлекеттеринин эч биринде интернет барактарга тыюу салган мыйзам жок. Бизде да андай аракеттер көрүлбөйт.
XS
SM
MD
LG