Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:43

17:25 Акыйкатчыга талапкер Турсунбек Акунду депутаттар токтоо болууга чакырды


Депутаттардын суроолоруна жооп берген Турсунбек Акунду бир катар депутаттар эл аралык байланыштарга, башка министрликтердин иштерине кийлигишпей, коомчулукка чуу көтөрбөй токтоо болууга, президенттин жүргүзүп жаткан саясатына каршы пикирде болбоого чакырды. Өз сөзүндө укук коргоочу эгерде акыйкатчыга шайланып калса президент, Жогорку Кеңешти уят кылбай татыктуу , иш алып бара тургандыгын айтты. Дагы бир талапкер Турсунбай Бакир уулунун “Хизб-ут-Тахрир” диний уюму менен укук коргоочулар эмес казыят, муфтият күрөшүш керек деген пикирине депутат Рашид Тагаев каршы экенин билдирди. Өз сөзүндө Турсунбай Бакир уулу гендердик теңдик үчүн акыйкатчы кызматына аялдардан шайланса колдоорун айтты. Талапкер Бүайша Арстанбекова болсо укук коргоочу Турсунбек Акундун ишмердүүлүгүн сындап өттү. Учурда акыйкатчылык кызматка дайындоого макулдук берүү боюнча добуш берүү жүрүүдө. Акыйкатчылыкка талапкерлигин Турсунбай Бакир уулу, укук коргоочулар Турсунбек Акун, Бүайша Арстанбекова, Салима Шарипова жана Каныбек Абдыкадыров көрсөтүшкөн. (AJ)

XS
SM
MD
LG