Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:26

Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек Кыргыз жазма адабиятынын көрүнүктүү өкүлү Тоголок Молдонун (Байымбет Абдрахманов) өмүр жолу тууралуу объективдүү иликтөө азыркы пост-коммунисттик учурда да алгылыктуу жүргүзүлбөй жатканын адистер белгилеп келишет. Ушул тапта белгилүү батыш европалык түрколог окумуштуу Гундула Салк айым Тоголок Молдонун санжырасын иликтөөдө. Айтмакчы, Тоголок Молдонун кызы Сапия (София) эне азыр 108 жашка келгенине карбастан, дагы эле тың.

Байымбет Абдыракман уулу 1860-жылы Акталаа өрөөнүнүн Куртка жергесинде туулган. Ал кыргыздын саяк уруусунун чоро саяк уругунан чыккан. Тээ он тогузунчу кылымда эле дурус таалим алып, эл-журтка жазмачы акын катары таанылып, Тоголок Молдо атыккан. Калкынын терең урмат-сыйына ээ болуп турган учурунда, 1942-жылы дүйнөдөн өткөн.

Байымбеттин өзүнүн тогуз баласы болгон дешет, бирок бирөө да токтобоптур.

Иниси Байтымбет отузга чыкпай каза болгондо, анын чиедей төрт баласын - Токтаалы, Турдаалы, Кайырса жана Сапияны Тоголок Молдо өзү багып алат. Азыр алардын ичинен азыр көзү тирүүсү эле - Сапия эне. Ага София деген атты Тоголок Молдо өзү койгон экен. Тагдыр буюруп, кийинчерээк аны өз кызы катары чоңойткон.

108 жашка чыккан акылы тунук чоң эне кыргыздын улуу акыны, жазма адабиятка бараандуу салым кошкон деп улутташтары сыймыктанган адам – Байымбет тууралуу мындайча эскерет:

- Атам жакшы киши болчу. Капкайдагыны ойлогон. Атам тапканды азыр эч ким таба албайт. Ал киши кыйын акын киши эмеспи. Апам да жакшы болчу. Ак көңүл. Көп эле баласы болгон, – дейт, Сапия эне көздөрүн жуумп, атасы Тоголок Молдону, тээ эзелкини эстеп.

Үч кылымдын тогошкон жылдарын башынан өткөргөн Сапия эне азыр экинчи агасы Турдаалынын өзү жакшы көрүп багып алган, ушул тапта Чүй аймагында жашап жаткан Сүйүнбек деген баласынын колунда турат. Чүкөдөй болгон, кабалтең бырышка басылган эне убагында бойлуу, сымбаттуу болгону бир караган адамга дароо эле билинип тургандай.



Багып жаткан чөбөрөлөрү Сапия эненин көзү бир жылдан бери дээрлик көрбөй калганын, ошондон улам өзүн саал таштап жибергенин, болбосо былтыр эле заңкылдап “Акмөөрдүн арманын” обонго салып ырдап отурганын айтышат:

- Бир жыл мурунураак болгондо бүт-бүт айтмак... азыр биле албайм... өзү менен эле өзү алышып калды, – деп чөбөрөсү Айгүл, энесин кымтылап жатып.

Айгүл Сапия эненин жалгыз кызы болгонун, бирок ал да чарчап калганын саймердирейт:

- 25-28 жашында эле күйөөдөн калыптыр, күйөөсү согушка кетип. Анан согуш маалында агасынын томолой жетим калган чиедей төрт баласын багып калып күйөөгө такыр тийбептир. Ошондо алардын улуусу эле менин атам беш жашта экен. Анан кийин алар балалуу болду, бизди бакты. Анан биздин балдарыбызды бакты. Энем он сегиз бала бактым деп өзү санап отурчу. Энемдин эмгеги чоң. Мына Сүйүнбектин мобул баласын деле терметип отурчу, ыйлаак деп, азыр бул 14 жашта.

Токсонунчу жылдардын башында Тоголок Молдонун 130 жылдыгы белгиленип, бирок анда Сапия энеге такыр көңүл бурулбай, энесинин капага батканын чөбөрөлөрү кейип эстешет. Эки жыл мурун колунда жашап жаткан чөбөрөсү Сүйүнбектин шаарда үйдөн-үйдү ижарага алып көчүп жүргөнүнөн улам үй алып берейин деген ою да орундалбай калган:

- Эки жыл мурун, энем алдуу-күчтүү болуп турганда өзү келип, Жазуучулар союзуна кайрылалы мага там бериш керек дегенинен, бул кишини ээрчитип алып бардык. Союздун башчысы мэрияга баргыла деп кагаз берди, Мэрияга барып эки-үч ай артынан жүрдүк, бирок болгон жок.

- Энем жок дегенде жер алышым керек деп болбой туруп алды. “Жер берсе үй салып алабыз, мен бул жакка давления менен келдим, ойногону келиптирминби” депчи. Акталаада өзүбүздүн деле үйлөр бар. Өзү кайраттуу киши да. Ошол жакка чейин барды, кыргыз чапандарын кийип алып, - дешет чөбөрөлөрү Сүйүнбек менен Айгүл Муктаркановдор.

Азыр Сапия эне чөбөрөлөрүн үнүнөн ажыратып өз алдынча тааныбай калды.



Тоголок Молдонун бир топ ырларын жатка айтчу эле дешет, бирок атасынын айрым ырларынын алгачкы эки-үч сабын араң эстейт. “Акмөөрдүн арманын” да баштагыдай оболотуп ырдай албайт:

- Соңкөлдүн баш тал менен,
Соодагер өтөт мал менен.
Солкулдап ыйлап баратам,
Соолуган Жантай чал менен.
Кербендин башы сал менен,
Кербенчи өтөт мал менен.
Кемшеңдеп ыйлап баратам,
Кемшийген Жантай чал менен...


Кыргыз жазма адабиятынын улуу өкүлү Тоголок Молдо тууралуу жалпы маалымат ар бир окуу китебинен учурайт.

Бирок ушул күнгө чейин Тоголок Молдо ырларын качан жаза баштагандыгы, революцияга чейинки доордо жазылган араб арибиндеги кол жазмаларынан сакталып калганы бар же жогу тууралуу суроолорго ишенимдүү жооп жок.

Совет доорунун цензуралык чектөөлөрүнүн айынан анын биографиясынын айрым жагдайлары көмүскө же бурмаланып калганын да тарыхчы адистер белгилешет.

Тоголок Молдонун чыгармачылыгы жана жеке санжыралык баяны тууралуу кийинки берүүлөрүбүздө да кеңири сөз кылмакчыбыз.
XS
SM
MD
LG