Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:46

Косово Сербиядан көз карандысыздыгын жарыялады


Парламенттин Бишкек убактысы боюнча кечки саат сегизде башталган атайын сессиясында Көз карандысыздык жөнүндөгү декларацияны Косовонун премьер-министри Хашим Тачи окуду. Анда жаңы мамлекет өзүн тынчтыкка жана стабилдүүлүккө арнаары айтылган. Бул аралыкта өлкө башкаласы Приштинанын көчөлөрүндө Косоводо калктын басымдуу бөлүгүн түзгөн миңдеген албандар жыйыналып, көз карандысыздыкты майрамдап жатышат. Косовонун көз карандысыздык алуусуна провинциядагы серб азчылыгы каршы, ал эми Сербия мындай кадамды мыйзамсыз деп атаган. Ал эми АКШ жана Еврошаркеттин ири өлкөлөрү жаңы мамлекетти тааныры күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG