Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:41

13:10 Кыргыз президенти БУУнун баш катчысына Кыргызстандын демилгесин колдогону үчүн ыраазычылык билдирди


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мунга мындай ыраазычылык кат БУУ тарабынан 20-февраль дүйнөлүк социалдык акыйкаттуулук күнү деп жарыяланышынан улам жолдонду. Анда биринчи кезекте социалдык теңсиздикти жойууга, социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрдөн бирдей пайдаланууга шарт алууга, демократиялык укукту жана эркиндикти камсыз кылууга багытталган - Кыргыз Республикасы көтөргөн демилгеге көрсөтүлгөн колдоого ыраазычылык билдирилет. «Бүткүл дүйнөлүк социалдык теңчилик күнү, БУУга мүчө бардык мамлекеттердин Копенгаген декларациясынын максат жана милдеттерине, Бүткүл дүйнөлүк жогорку деңгээлдеги жолугушуунун социалдык өнүгүү кызыкчылыктарына, ошондой эле Миң жылдыктын чакырыктарына тереңирээк көңүл бурууга шарт түзөрүнө ишенем. Учурдан пайдаланып, Кыргыз Республикасы жогоруда эскерилген документтердеги бекитилген максаттарга тезирээк жетишүүгө керек болгон бардык аракеттерди жумшай тургандыгына Сизди ишендиргим келет», - деп белгилейт президент Курманбек Бакиев бул ыраазычылык билдирүүсүндө. (SM)

XS
SM
MD
LG