Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:07

16:52 Өкмөт башчынын унаасына таш урган деп айыпталгандардын ишин кайра облустук сот карайт


2007-жылы 15-декабрда өкмөт башчынын унаасын таш менен урду деп айыпталган 8 адамдын ишин Талас райондук соту карап, эки адамдан башкасын актаган. Ошондо эки жылга шартуу түрдө кесилген Сыргабек Молдобаев Талас райондук соттун чыгарган чечимине каршы пикирин билдирип, облустук сотко кайрылгандыктан, 19-февралда акталган төрт адамдын иши кайрадан облустук сотто карала турган болду. Бул иш боюнча жалпы 11 адам айыпталууда. Алардын ичинен укук коргоочу Лира Тантабаева, Улукбек Осмонов жана Талас районундагы Аксай айылынын тургундары Азимкан Жуманалиев менен Шумкарбек Жумакеевдер облустук милиция тарабынан издөөгө алынууда. (UA)

XS
SM
MD
LG